Биз менен байланышыңыз

«АКШ үчүн азыр Кытайга караганда Орусия маанилүү болуп турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 355 | 0

АКШ  Орусиянын куралынын кубатынан чочулаган үчүн сүйлөшүүлөргө барып жатат. Мындай пикирин медиаэксперт Кубан Абдымен «Маралга» берген маегинде билдирди.

Буга чейин айрым серепчилер АКШ бир учурда эки душман менен беттешке чыкпоо үчүн Орусияны тынчыта турду деген ойлорун айтышкан. Кубан Абдымен мындай пикирлердин чыгуусуна негиз бар экенин айтып, бирок аларга кошулбай турганын билдирди.

«Чынында эле эки фронтко каршы аракеттерди жүргүзүү оңой эмес. Анын үстүнө Кытай токтотууга мүмкүн болбогондой тездик менен алдыга жылып келе жатат. Мындай жагдайда Кытайга караганда, Орусиянын оюна таасир этүү оңоюраак болмок. Андыктан мындай пикирлердин да орду бар жана аны менен да эсептешиш керек. Бирок бир фактыны унутпайлыорусия: АКШ менен Орусиянын ортосундагы мамиле Орусия курал жактан Кошмо Штаттар менен жарышууга даяр экенин көрсөткөндө жогорку чегине жетти. Орусия айрым аспектилер боюнча АКШнын Куралдуу күчтөрүнөн алдыда экенин көрсөттү. Мунун баары АКШны коркутту. Кытай коркуткан жок аларды, аларды Орусиянын чечкиндүү бир кадамдарга түртүшү мүмкүн болгон куралдуу кубаты коркутту. Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүн чыңдаганы менен, душмандарын экономикалык жактан басууну көздөйт. Бирок азыркы учурда АКШ үчүн Кытайга караганда, Орусия көбүрөөк мааниге ээ болуп турат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM