Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Ла-Гранждагы жолугушууну жакшы белги катары карасак болот

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 447 | 0

Женевадагы Ла-Гранж сарайында өткөн жолугушууну АКШ менен Орусия мамилесиндеги жакшы белги катары караса болот. Бул тууралуу медиаэксперт Кубан Абдымен «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусия менен АКШнын мамилеси акыркы он жыл, керек болсо, Обама президент болуп тургандан бери эле татаалдашып баштаган. Аны Путин өзү деле «кызыл сызыкка келип калдык» деп баалаган. Бул кызыл сызыктан өтүү өтө катаал мамилеге, керек болсо, чыңалууга чейин алып келмек. Бирок Ла-Гранж сарайында өткөн жолугушуу абал акырындан жөнгө салынарынан үмүт берди.

«Мен бул жолугушууну жакшы белги катары баалайт элем. Эки тарап тең мамилени мындан ары чыңоо болбой турганын түшүнүштү. Мен Байденди Трамп  карманып келген линия менен кетет го деп ойлогом. Трамп ар дайым Орусиянын саясаты боюнча катуу билдирүүлөрдү жасап келчү. Бул жолу көптөр, жадагалса, орусиялык ЖМКлар деле Байден көп нерсени мурда пландалгандай эмес, башкача сүйлөп жибериши мүмкүн деп күтүп жатышкан. Бирок менин таң калганым, ал баарын мурда пландалгандай айтты, ашыкча эч нерсе деген жок. Жолугушуу конструктивдүү өттү», — дейт серепчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM