Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жаңы автобустардын жол каттамын жарыялады (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 312 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаага жаңы алынып келген автобустардын жол каттамын жарыялады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 22-июнда Бишкекте Өзбекстандан келген 50 автобус каттамга чыккан. Ал автобустар дизель менен жүрөт, узундугу 6,9 метр. Анда жүргүнчүлөр үчүн 16 орундук каралып, жалпы 38 адам батат.

Ал автобустар жүргүнчүлөрдү бир жума акысыз ташыйт.

Автобустардын каттамы:

— №10 каттам: «Ак-Ордо конушу – И. Ахунбаев – 7-апрель – Чүй – Киев – Ч. Айтматов»;

— №11 каттам: «Чоң-Арык – И. Ахунбаев – Ч. Айтматов – Киев – Тоголок Молдо – Чүй – 7-апрель»;

— №12 каттам: «Маевка айылы – Махатма Ганди – А. Боталиев – Ю. Абдрахманов – А. Сүйөркулов – Б. Юнусалиев – Сухэ-Батор – С. Каралаев – А. Токомбаев – Көк-Жар»;

— №13 каттам: «Муромская көчөсү – А. Чортеков – Ю. Гагарин – К. Кулиев – Москва – 7-апрель – Анкара – Кырман конушу»;

— №14 каттам: «№12-кичи району – Б. Юнусалиев – А. Сүйөркулов – И. Ахунбаев – Манас – Чүй – К. Кулиев – Л. Толстой – И. Репин – Ак-Ордо конушу».

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM