Биз менен байланышыңыз

«Тандем» юристтер коому өлкөдөгү кырдаал боюнча талдоо жүргүздү

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 615 | 0

Кыргызстандагы «Тандем» юристтер коому өлкөдөгү саясий-укуктук кырдаалга баа берип, жагдайдын жарандык коом менен бизнеске тийгизген таасирине талдоо жасаган баяндамасын жарыялады.

Документте былтыр октябрь окуяларынан кийин болуп жаткан саясий процесстер, анын ичинде Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү, конституциялык реформа, жаңы мыйзам долбоорлору жана башка маселелер каралып, бир катар сунуштар берилген.

Талдоодо айтылгандай, учурда мамлекеттик бийлик институттарына карата бир катар укуктук суроолор жаралууда:

— Президент жана сот системасы легитимдүү орган болуп саналат;

— Парламенттин алтынчы чакырылышынын жана алардын ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугу суроо жаратат. Ыйгарым укуктар узартылган учурда стратегиялык чечимдер кабыл алынбашы зарыл;

— Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары аяктоодо.

Жазык мыйзамдарынын катаалдашуусу:

— Жазык, жазык-процессуалдык жана жазык-аткаруу мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөнүн так концепциясы жок, учурдагы мыйзамдарга системалык талдоо жүргүзүлгөн эмес;

— Башкы прокуратура тарабынан даярдалган кодекстер тыкыр талдоого алынышы жана коомдук талкууда болушу керек;

— Даярдалган долбоорлордун Кыргызстан тарабынан кол коюлган эл аралык келишимдерге туура келер-келбестигин талдап чыгуу зарыл;

— Даярдалган долбоордун шашылыш кабыл алынышына жол бербөө керек. Анткени шашылууга объективдүү себептер жок.

Жарандык коом тармагындагы укуктук суроолор:

— Жогорку Кеңештин эл аралык укуктун нормаларын жана мыйзамда каралган процедураларды бузуп, жарандык коомдун укуктарын чектеген мыйзам долбоорлорун кароого кайтып келиши;

— Укук коргоо органдарынын жарандык активисттерди коркутуу практикасы – укуктук мамлекет катары демократиялык баалуулуктарга доо кетирүүдө;

— Башкы прокуратуранын жазык мыйзамдарына «дегуманизация» нормаларын сунуштоосу жарандык коом менен ММКнын ишмердүүлүгүн чектөөгө алып келет.

Документ менен төмөнкү шилтеме аркылуу толук таанышып чыгууга болот:   

Саясий-укуктук кырдаал жана анын жарандык коом менен бизнеске тийгизген таасири тууралуу кыскача анализ_

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM