Биз менен байланышыңыз

Жапаров депутаттарды улут аралык ынтымакка доо кетирген сөздөрдөн этият болууга чакырды

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 289 | 0

Президент Садыр Жапаров айрым парламентчилерди өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон этиятсыз билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун атына «Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы» коомдук бирикмесинен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу түшкөн.

«Буга чейин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов дунган улутундагы жарандарды сабизге бааны жасалма көтөрүп жаткандыгын айтып айыптаган. Атап айтканда, ал: «Дунгандар бааны жасалма көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору жетиштүү деңгээлде суу алышат, дунгандар ошол жерлерде жашайт, алар бааларды көтөрүп жатышат», — деп билдирген. 

Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн.

Ошондуктан мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде парламентчилерди сак болууга, бул темада чайкоочулук кылбоого чакырды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан – 100дөн ашык этнос жашаган көп улуттуу өлкө, биргелешкен аракеттерибиз менен гана күчтүү жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз», — деди Султанбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM