Биз менен байланышыңыз

Шералы Абдылдаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 448 | 1

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз жыйынында фракциянын жаңы лидери менен анын орун басары шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

21-июнда өткөн отурумда фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, фракциядагы депутаттардын көпчүлүк добушу менен ыйгарым укуктары токтотулган. Нышанов «Ата-Мекен» саясий партиясынын мүчөсү эмес экенин белгиленген.

Ага байланыштуу жыйында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын лидерин шайлоо маселеси көтөрүлүп, депутаттар Абдимуктар Маматов менен Бахтияр Сулейманов аталган кызматка Шералы Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштап, фракция бир добуштан колдоду.

Андан тышкары Шайлообек Атазов фракция лидеринин орун басарлыгынан алынып, анын ордуна Наталья Никитенко шайланды.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    23.06.2021 01:03

    Атамекендин доору бутту

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM