Биз менен байланышыңыз

Индияга дарыланууга кеткен мекендештер өлкөгө келе албай турушат

Коом , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 4716 | 0

Ден соолугуна байланыштуу, тагыраагы, операция жасатуу үчүн 3 ай мурун Индияга кеткен кыргызстандыктар учурда мекенине кайта албай жатышат. Тиешелүү органдар муну Индиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырууда. Ал жакка барган кыргызстандыктар аймакта абал турукташканын, өздөрү коронавирус менен оорубагандарын айтышты. Алар мекенине кантип кайта алышат? Бул маселе боюнча тиешелүү органдар эмне дешүүдө?

Индиянын Дели шаарындагы «Камерон» мейманканасында жайгашкан кыргызстандыктардын бири Азирет Абдыкадыров үй бүлөсүнө, ата-энесине жете албай кыйналып жаткан учуру. Ал жайгашкан мейманканада Индияга операция жасатуу үчүн барышкан алтымышка чукул кыргызстандык бар. Мекенине кайтууну, жакындары менен көрүшүүнү самаган кыргызстандыктар эл-жерге келе албай зарыгып турушат. Күн өткөн сайын капчыктары жукарып, абалы оорлошуп баратканын айтат Абдыкадыров. Ошондой эле ал Индиядагы абал турукташканын, ар бир 3 күн сайын тапшырган ПЧР-тесттер таза чыгып жатканын билдирди.

«Кыргызстанга келе албай жатканыбыздын себеби каттамдар жок болуп жатат. 25-июнга чартердик каттам уюштурулган болчу Дели-Бишкек деген, бирок тоскоолдуктар болуп уча албай жатабыз. Бул жерде 60ка жакын адам бар. Алардын көпчүлүгү пандемиядан улам убагында дарылоону ала албай, быйыл келишкен болчу. Азыр акчаларыбыз түгөнүп калды. Эч жакка чыкпай, бир гана мейманкандан дүкөнгө барып келип отурабыз. ПЧР-тестти ар бир үч күн сайын тапшырып турабыз, таза болуп чыгып жатат баарыбыздыкы. Биз да мекенибизге, бир туугандарыбыздын жанына баргыбыз келип жатат, өкмөт жардам берип койсо жакшы болот эле. Үмүт кылып күтүүдөбүз», — деди Абдыкадыров.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Индиядагы элчилигине кайрылдык. Элчиликтин маалымат катчысы Айгерим Жакыпбекова Дели шаарында кырдаал турукташып, өлкөнүн көптөгөн аймактарынан чектөө чаралары алынып, бардык тейлөө кызматтары, ири соода борборлору жана башка коомдук жайлар ачыла баштаганын маалымдады. Ошондой эле ал элчилик кыргызстандыктарды мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүү иретинде чартердик каттам уюштурганын, бирок эки тараптын макулдашуу процессси кыйынчылык туудуруп жатканын кошумчалады.

«Учурда Covid-19га байланышкан кырдаал Индияда турукташып, өлкөнүн көптөгөн региондорунда чектөө чаралары алынып, бардык тейлөө кызматтары, ири соода борборлору жана башка коомдук жайлар ачыла баштады. Индия өкмөтү учурлардын санынын төмөндөшүн жарандардын коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүүсүнө, социалдык аралыкты жана башка эрежелерди сактоосуна байланыштырды. Негизи биз бул жерде болгон кыргызстандыктарды учурууга аракет кылып, чартердик каттам уюштурдук, бирок эки тараптын макулдашуу процесси кыйынчылык туудуруп, каттамдарды аткартуу мүмкүн болбой жатат», — деди Жакыпбекова.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдарына кайрылганыбызда, алар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева сырттан учуп келген бардык жарандарды карантинге отургузуунун кажети жоктугун айтты. Себеби алар учардан мурун ПЧР-тест тапшырып, эмдөө алып келишет.

«Сырттан келе турчу жарандарга атайын алгоритм иштелип чыккан. Бул алгоритм боюнча сырттан келе турган бардык жарандар өздөрүнүн ПЧР-тести жана «эмдөөдөн өттү» деген маалымкаты менен келип жатышат. Ошондуктан аларды карантинге отургузуунун кажети жок. Келген жарандар үчүн азыркы тапта биз тараптан чектөөлөр да жок», — деди Оторбаева.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Индиядан Кыргызстанга кайтып келе албаган 60тан ашуун жаран бар. Маалыматтарга ылайык, ал жерде эпидемиологиялык кырдаал турукташып, жакшырып калган.

23-июндан тарта Дубайдын «Emirates» авиакомпаниясы эл аралык каттамдарды жандандырганын жарыялады. Башка бир катар чет өлкөлөр да Индия менен аба каттамдарын жандандырууну пландаштырууда.

Ал эми, Өзбекстан, Түркия, Орусия жана Армения өлкөлөрү Индия менен аба каттамдарын улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM