Биз менен байланышыңыз

Мерген кыз Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 22 Июн 2021 | 1323 | 1

Мерген кыз Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Кубанычбекова офлайн жана онлайн өткөн эл аралык мелдештердин жыйынтыгы менен жолдомого ээ болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиадага спорттун күрөш, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика, фехтование түрлөрү боюнча жолдомо ала алышкан.

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Максат

    22.06.2021 17:23

    Саламатсызбы мен атым Максат мен мерген жактан жакшы атам жана аткым келет ушул спортко аябай кызыгам каяка кайрылсам болот пробный машыгуу каяктан отсом болот. Озум Токмоктон болом

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM