Биз менен байланышыңыз

Шаардык сот Өмүрбек Бабановду камакта калтырды

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 695 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында камалып жаткан саясатчы Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Ал 31-июлга чейин камакта болот.

Мындай чечим бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынды.

Сот отуруму жабык өттү, бир канча убакыттан кийин гана Бабановдун жубайы менен уулу киргизилди. Аны колдоп келген депутаттар да сот залына киргизилген жок.

Сот имаратынын алдына саясатчынын тарапташтары чогулуп, ишти акыйкат кароону, Бабановдун күнөөсү жок экенин, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Буга чейин Бабановдун адвокаты аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Бабанов өзүнө карата козголгон иш түшүнүксүз жана абсурд экенин айткан, тарапташтары анын күнөөсүз экенин айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM