Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 931 адамдан табылып, 8 киши каза болду

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 696 | 0

Бүгүн, 22-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 931 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 435, Ош шаарында — 147, Чүй облусунда — 129, Ош облусунда — 93, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 50, Баткен облусунда — 41 адамдан табылган.

Ошол эле учурда 522 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 8 адам каза болгон: Бишкекте – 5, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 2 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 436 адам, ал эми амбулатордук түрдө 5 миң 173 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 25 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 610 адамдын абалы орто оор, 708 киши оор жана 93 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 116 миң 546 учур катталды. Анын ичинен 105 миң 932 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 945 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM