Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери Бишкекте коронавирус 18 миң 681 адамдан табылган

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 230 | 0

Жыл башынан бери Бишкекте коронавирус 18 миң 681 адамдан табылды. Бул тууралуу маалымат жыйында мэриянын электрондук саламаттыкты сактоо жана медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Алардын ичинен 15 миң 162 учуру коронавирус жуктургандар болсо, 3 миң 519у пневмония менен ооругандар.

«22-июнга карата коронавирус 435 кишиден табылды, 5 адам каза болду», — деди ал.

Учурда Бишкекте 5 миң 919 адам үй карантининде көзөмөлдө болууда. Алардын ичинен 2 миң 322 адамда коронавирус аныкталган (оорунун белгиси байкалбагандар же жеңил өткөрүп жаткандар).

«Бишкекте COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн 12 бейтапканада 1 миң 278 орун даярдалган. Бүгүнкү күнгө карата аларда 1 миң 61 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда 217 бош орун бар», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM