Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабановдун иши жабык каралууда

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 472 | 0

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту «Кумтөр» ишине байланыштуу камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын кароодо. Сот отуруму жабык өтүп жатканын анын тарапташтары кабарлашты.

Буга чейин Бабановдун адвокаты аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Сот имаратынын алдына саясатчынын тарапташтары чогулду.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Бабанов өзүнө карата козголгон иши түшүнүксүз жана абсурд экенин айткан, тарапташтары анын күнөөсүз экенин айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM