Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуялары. Клара Сооронкулова суракка чакырылды

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 412 | 0

ИИМ былтыр 5-6-октябрда болгон окуяларга байланыштуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованы суракка чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

ИИМдин чакыруу кагазында айтылгандай, Сооронкулова суракка 23-июнда келиши керек.

«2020-жылдын 5-6-октябрындагы массалык башаламандыктарды иликтөө уланууда. Ал окуяларга жана андан кийин болгондорго укуктук баа берилет деп үмүт кылам. 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болгон деп көрсөтмө берүүгө даярмын», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митинг өтүп, кечинде милиция менен митингчилердин ортосунда тиреш башталган. 6-октябрь түнүндө Ак үй басып алынып, андан кийин абакта жаткан бир катар саясатчылар боштондукка чыгарылган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал окуялардын аркасы менен президент кызматтан кеткен.

Октябрдагы окуяларга байланыштуу бир нече саясатчы кармалып, кийин айрымдары үй камагына чыгарылган. Кармалгандардын арасында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бар. Учурда ал №1 тергөө абагында кармалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM