Биз менен байланышыңыз

Суу тартыш. Элге кыштын камылгасын көрүү эскертилди

Коом , Экономика | 21 Июн 2021 | 3488 | 0

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынары эскертилүүдө. 

Кыргызстандыктарга алдыдагы күз-кыш мезгилинде үйлөрдү жылытуучу электр жабдууларын колдонууга тыюу салынары тууралуу билдирүүлөр келип жатат.

Квитанциялар «Түндүк электр» жана «Чыгыш электр» ишканаларына таандык экенин социалдык тармактын колдонуучулары кабарлашты.

«Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетип, электр энергиясы жетишсиз болууда. Мындан улам жылуулук берүүчү электр жабдууларын колдонууга тыюу салынарын кабарлайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Эреже бузгандарга электр энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүгү азайтылып, өзүнчө лимит белгиленет. Жарандарга жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү булактарын алдын ала ойлонуп чыгуу сунушталууда.

«Түндүк электр» ишканасы бул боюнча маалымат берген жок.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын басма сөз жана коомчулук менен иштөө секторунун башчысы Азамат Курамаевдин айтымында, мындай эскертүүлөр бир гана 3 фазалуу кошулмасы болгон абоненттерге тийиштүү.

— Менин маалыматы боюнча, мындай эскертүүлөр бир гана 3 фазалуу кошулмасы болгон абоненттерге тийиштүү. Азыр энергетикадагы каатчылык маалында күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып алуу үчүн абоненттерге болгон өтүнүч гана. Электр энергиясын үнөмдөп колдонуп, кышында жылытууга колдонбогула деп суранып жатышат.

Бүгүн, 21 июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 910 млн куб метрди түзүүдө. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 471 куб метр, чыгышы 421 куб метр болууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов парламенттин 17-июндагы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Токтогул ГЭСиндеги абал начар экенин айткан. Анын маалыматына караганда, былтыр ноябрь-январь айларында суу көп агып чыгып, көзөмөлдөнбөй калган. Бирок быйыл күз-кыш мезгилине чейин 13 миллиард куб метрге жеткирүү пландалууда.

— Токтогул суу сактагычында акыбал жакшы эмес. Мына быйыл апрель айына 8,5 млрд куб метр суу менен чыктык. Эч кандай чара көрүлбөй, ушундай темпте кала берсе, суунун деңгээли 7 млрд куб метр болсо, анда Токтогул ГЭСинин иши токтоп калат. Мен бул кызматка келгенге чейин эле, ачык айтайын, күзүндө суу көп агып чыгыптыр. Өзгөчө ноябрь, декабрь, январь — үч айда өтө көп суу агыптыр. Ошондо регулировка маселеси жасалбаптыр. Мен бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын, бирок биз бул маселени араң чечтик. Азыр былтыркыдан 3 млрд куб метрге суу аз. Ошентсе да суунун агып кирүүсү көбөйдү, күз-кыш мезгилине чейин 13 миллиардга жеткирүүнү пландап жатабыз.

Кыргызстан суунун башында турганы менен өлкөдө суу тартыш болгонун көпчүлүк жарандар, адистер сынга алышууда. Токтогул суу сактагычындагы абал кооптуу чекке жеткени, андагы суу ашыкча агызылып жатканы айтылып эле келет.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев кышында электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга тыюу салуу туура эмес кадам деген пикирде. Ал коңшу мамлекеттерге суу ашыкча чыгып кетип жатканын айтып, сындады.

— Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз деп жатабыз. Бирок ага карабай, энергетика тармагын жетектегендер сууну Өзбекстан менен Казакстанга кетирип жатпайбы. Болгону 170-180 куб метр суу кетиши керек эле, 400 куб метр суу кетүүдө. Товар алмашуу деген шылтоону айтып жатат, кайдагы товар алмашуу? Коомчулук баарын көрүп турат. Сентябрь, октябрда кайра электр энергиясын алабыз дешет, бизге электр кубаты кышында керек. Бул тармактын жетекчилери туура эмес кылган саясатынын айынан жоготууларды элдин эсебинен жабууга аракет кылып жатышат. Менин оюмча, бул мыйзамсыз аракет.

Энергетика маселелери боюнча дагы бир эксперт Мырзатай Султаналиевдин айтымында, ар бир абонентке колдонуу үчүн бөлүнгөн электр кубатын жаран өзү билгендей пайдалана алат. Ошол эле учурда жарандар жылытуунун башка жолдорун пайдаланганы оң.

— Электр кубатын жылуулукка жана кондиционерлөөгө тыюу салуу туура эмес нерсе. Түтүн болбосун деп, жалаң электр энергиясын колдоноюн дейсиң, эми электр кубатына да тыюу салып жатышса эмне кылат? Көмүр жагат да, анан кайра эле ыш маселеси пайда болот. Негизи бир абонентке берилген электр кубатын ал өзү каалаган максатта колдоно алат. Берилген лимиттен ашып кетсе гана чектей алат. Чынында азыр энергетикадагы кризисти эске алып, жарандар электр энергиясын үнөмдөп, же жылытуунун башка жолдорун колдонсо жакшы болот.

Электр кубатын жылытуу максатында колдонууга тыюу салуу аргасыз жасалган аракет экени белгилүү. Бирок мунун арты менен экологиянын булгануусу кайра жанданат. Себеби газ менен жылытууга өтүү баарынын чөнтөгүнө ылайык келбегендиктен, көмүр жагууга өтөт. Айрыкча Бишкек шаарында ыш маселеси жыл сайын олуттуу деңгээлге чыгып, элдин саламаттыгына зыянын тийгизет.

Бишкек шаарынын тургуну, жарандык активист Семетей Талас уулу да ушундай ойдо.

— Бишкек жылуулук электр борбору жайында ремонтко жабылганда аба абдан тазарып калганы көрүндү. Эми кышында суук болгондо Бишкек ЖЭБинде, жер тамдарда жагылган көмүрдүн ышы коркунучтуу чекке жетип, ден соолукка зыян келтирет. Шаар ыш жыттанып, дем алууга мүмкүн болбой калып жатпайбы. Бишкек ЖЭБинин морунда фильтр жок. Фильтр коюуга аракет да кылышкан жок. Быйыл электр энергиясынын тарифин жогорулатып жатышат, ошонун эсебинен болсо да ЖЭБдин моруна фильтр орнотушу керек эле. Андан сырткары жаңы конуштарды газга өткөрүү маселеси көтөрүлүп жаткан, ал да жасалган жок.

Электр энергиясын колдонууну чектөө, тарифтин суммасын жогорулатуу массалык чыңалууга алып келерин адистер эскертет.

Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлиги ушул күндөрү күн подстанцияларын куруу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу министрдин орун басары Таалайбек Ибраев парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында 21-июндагы жыйынында билдирди.

«Токмок шаарында 125 МВт кубаттуулуктагы күн подстанциясы курулат. Мындан тышкары, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында 62 гектар жерге кубаттуулугу 300 МВт болгон күн батареялары орнотулат. Эки долбоорду тең каржылоо маселеси чечилген», — деди министрдин орун басары.

Кыргызстанда үйлөрдү жылуулатуунун альтернативдүү жолдорун сунуштаган компаниялар кобөйүүдө. Алардын бири CIC (СиАйСи) жоопкерчилиги чектелген коому.

Компания Кыргызстандын бардык аймагын таза суу менен камсыз кылып келет жана сууну эффективдүү пайдалануу, тазалоо аркылуу бир топ үнөмдөөгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү суу чарба ишканалары, курулуш жана энергия бөлүштүрүүчү компаниялар, өндүрүш жана тоо кен ишканалары менен ири долбоорлору бар. Ошондой эле, жеке жарандар менен да иштешет.

Энергияны үнөмдөөнүн жолдорун көрсөткөн CIC компаниясынын пиар адиси Феруза Сатыбалдиеванын айтымында, былтыр үй тиричилик багытында 400дөн ашык кардар энергияны үнөмдөөчү жабдуулар менен камсыз болду. Өнөр жай багытында энергияны үнөмдөөчү насостук жабдууларды орнотуу боюнча ондон ашык долбоорлор иштелип чыкты.

— Компаниянын негизги максаты энергияны үнөмдөөчү жабдууларды киргизүү менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп эсептелет.  Жабдыктарды тандоодон баштап, ишке киргизүүгө чейин толук консультацияларды өткөрөбүз, андан ары да кардарлар менен байланышта болобуз. Мисалы, 2020-жылы үй тиричилик сегментинде биз 416 кардарды энергияны үнөмдөөчү жабдуулар менен камсыз кылдык. Өнөр жай сегментинде былтыр 10дон ашык энергияны үнөмдөөчү насостук жабдуулар менен камсыздоо жана ишке ашыруу долбоорлорун аткардык. Долбоорлор Кызыл Кыя, Сүлүктү, Нарын, Күнтуу айылы, Талас, Каракол, Кант жана Ош шаарларында ишке ашты. 

Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 132 млрд сомду түзөт. Анын 127 миллиард сому — «Улуттук электр тармактары» жана «Электр станциялар» ишканаларынын карызы.

Copyright © 2017 Maral FM