Биз менен байланышыңыз

Министрлик: AstraZeneca вакцинасы Индиядан эмес, Түштүк Кореядан келет

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 481 | 1

Июнь айында Индиядан келет деп күтүлүп жаткан AstraZeneca вакцинасы Түштүк Кореядан келе турган болду. Бул тууралуу «Маралга» Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Индияда кырдаал кооптуу болгондуктан, вакцина чыгарган завод ченеминен алда канча ашыкча иштеп, Индияны камсыздоого араң үлгүрүшүүдө. Мындан улам Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги AstraZeneca компаниясынын Түштүк Кореядагы заводуна кайрылуу жасашкан.

«Кореялык вакцина Индиялык вакцинага окшош, алар бир техника, ыкма менен жасалат. Түштүк Кореядан AstraZeneca вакцинасынын 400 миң дозасы келиши күтүлүүдө. Келишимдер түзүлүп, документтерге кол коюлуп бүттү. Ошондой эле аларды алып келе турган транспорт маселеси дагы чечилди, атайын муздаткычтар даяр», — деди Кыргызбаев.

Айтылып жаткан AstraZeneca вакцинасы Кыргызстанга июль айынын башында келип, калкты эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Ошондой эле жакынкы күндөрдө Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келиши күтүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. максатбек

    21.06.2021 18:06

    эмнеге россиялык спутник v вакцинасын эмес олум коп катталган вакцинаны алып жатат министрлик керек болсо вакцинаны чыгарган мамлекет оз элине пайдалануудан баш тартып жатса биз алабыз деп жатканы кандай. андан коро сайбай эле койбойсунарбы мамлекеттин акчасы канчага чейин баш аламан чачылат иштей албаса кетсин да министр бейшеналиев бир вакцина алып келгенге жарабаса эмнеге отурат же биздин элге эксперимент жургузуп алалы деп жатышабы атына доо кеткен вакцинаны бекер алып келген кундо да албайт эч ким

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM