Биз менен байланышыңыз

Украинадагы ишкер Азамат Исмаилов: Мен жардам берген адамдын батасы мага дем берет

Блог , Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 2754 | 0

Кыргызстандын Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, кыргыз диаспорасынын түптөөчүсү, ишкер Азамат Исмаилов «Маралдын» кабарчысына маек курду.

Ал Кыргызстан менен Украинанын соода алакасы, ишкердик жүргүзүү, мигранттардын мамлекетке кошкон салымы жана жеке ийгиликтери жөнүндө айтып берди.

7-10-июнь күндөрү Украинанын Киев шаарында кыргыз ишкерлери үчүн тур уюштурулуп, бизнес форум өткөн.

Марал: Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Украинанын соода-экономикалык алакасы кайсы деңгээлде, мүмкүнчүлүктөрү канчалык?

Азамат Исмаилов: Украинанын Орусия менен мамилеси бузулгандан кийин Кыргызстан менен да соода алакасы 70 пайызга төмөндөгөн. 2014-15-жылдары. Орусия мамлекети бүт транзиттик жүктөргө чек коюп койгон үчүн Украина менен Кыргызстандын да соода жүгүртүүсү азайды. Ага чейин биздин өлкө менен Украинанын соода жүгүртүүсү 103 млн доллар болгон. Анын үч миллиону Украина жакка, 100 миллиону Кыргызстан тарапка болчу.

Өткөн жылдан тарта Орусия транзит жүктөрдү өткөрүүгө уруксат бергенден баштап, 70 пайыз төмөндөгөн сумма көтөрүлө баштады. Мисалы, былтыр Кыргызстан менен 47 млн доллар соода катнашы болду. Бул жылы 50 млн долларга чыгат деген үмүт менен эки тараптуу бизнес форумдарды уюштуруп жатабыз.

Марал: Украина Кыргызстан менен кызматташууга кызыктарбы, бизди канчалык өнөктөш көрүшөт?

Азамат Исмаилов: Сен барып эшигин каккылаган мамлекет кызматташууга даяр го деп ойлойм. Ошол сыяктуу эле Украинанын да биздин мамлекеттен келген ишкерлерге, чиновниктерге эшиги ачык, бардык жагынан көмөктөшүүгө даяр. Украинанын биздин өлкөгө көз карашы аябай позитивдүү. Биз мамлекеттик деңгээлде, жеке ишкерлер да алакабызды өнүктүрүүгө аракет кылсак, инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Украина менен иштешүү керек, көп мүмкүнчүлүктөр бар. Булар биз аркылуу ЕАЭБ рыногуна, Кытайга чыгууга кызыктар. Ошол үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү керек. Ошол эле учурда, Украина биздин ишкерлер үчүн Европа мамлекеттерине чыга турган чоң көпүрө. Себеби биздин ишкерлер Украинада бизнес кылып, ийгилик көрсөтө алса, демек, Европа өлкөлөрүндө да жакшы иш жүргүзө алат дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан бул мамлекет биз үчүн, биз алар үчүн аябай маанилүү. Бул мүмкүнчүлүктү туура багыттап, пайдалануу керек.

Марал: Сиз өзүңүз Украинага качан келип калгансыз, бул жакта канча кишиге жумуш ордун түздүңүз, кайсы багытта иш алып барасыз?

Азамат Исмаилов: Мен бул мамлекетке 2005-жылы декабрда келдим. 2006-жылы фирмамды курдум, ошондон бери иштеп жатабыз. Ар кайсы багытта иш алып бардым. Соода тармагында, агро, авто тармагында иштеп көрдүм.

Акыркы 5 жылдан бери текстиль тармагында иштейбиз. Бул жакка (Киевге) Туркиядан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан товар алып келип, бул жактагы өндүрүшчүлөргө, фирмаларга сатабыз.

Украинага келип калышымдын себеби, өзүм Түркияда окугам, студент кезимде балдар менен чогулуп кайсы мамлекетте бизнес кылса болот деп анализ кылат элек. Ошондо Украина аябай чоң стратегиялык маанини көрсөткөн. Анткени биринчиден, Түркияга жакындыгы, экинчиден, бул жакта товардын бат циркуляция болушу. Ошентип Казакстан менен Украинаны салыштырганда Украина басымдуулук кылган. Келгениме 15 жыл болду, азыркы тапта онго жакын украиналык жаранды иштетем. Кыргызстанда да акыркы үч жылдан бери агро тармагында фирмам бар, ал жакта 5 кызматкер  иштейт.

Марал: Кыргызстандан келип Украинада иш жүргүзүүнүн жолдору кандай? Бул өлкө бизнеске кандай шарт түзгөн?

Азамат Исмаилов: Азыр глобалдык кризис болуп жаткан үчүн бардык эле мамлекеттер инвестиция тартуу максатында, мыйзамдарды кабыл алып, инвесторго көптөгөн жеңилдиктерди берип жатат. Украина да ушундай кылды. Бул өлкөгө келип иш жүргүзүү оңоюраак, себеби СССРдин курамында бир болгон үчүн азыр деле орусча сүйлөп, мыйзамдары да окшошуп кетет. Ошондуктан биздин ишкерлер тил жагынан, мыйзам жагынан болсун эч кыйынчылык тартпайт, эли да аябай жөнөкөй. Жакшы ниет менен иш кылса эле ийгиликке жетсе болот.

Украинанын калкынын саны 40 млн болгон үчүн рыноктук потенциалы аябай чоң. Ишкердиктин негизги принциптери бардык эле жерде бирдей да, ошону карманса эле жакшы бизнес кыла алат деп ишенем.

Марал: Кыргызстандан 10, 20 жыл мурун чет жакка кеткен мигранттар азыр ийгиликтүү ишкерлер. Алардын инвестициясын Кыргызстанга буруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?

Азамат Исмаилов: Мен өз мамлекетимди аябай сүйгөн үчүн, Киев шаарында кыргыз диаспорасын түптөгөн үчүн, дүйнөлүк диаспоралар менен сүйлөшүп турган үчүн, мекендештерибиздин бардык форумударына катышып жүргөн үчүн, акыркы жылдары президенттин алдында түзүлгөн диаспоралар кеңешинин мүчөсү катары, мигранттардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Кандай иштерди алып барса болорун айтып, сунуштап келебиз. Бирок алар ишке ашкан жок. Тилекке каршы, биздин мамлекетте аткаминерлер бат алмашкан үчүн биз сунуштаган идеалар кийинки келгендерге кызыксыз болуп калабы, билбейм.

Негизи чет жактарда иштеп жүргөн мигранттарды өз мекенибизге тартуу оңой эле деп ишенем. Мисалы, алар дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде жакшы иштерди жасап атышат, өз өлкөсүн сүйүшөт, патриот болушат. Иш тажрыйбаларын өз мекенинде колдонгусу келет.

Менин жеке пикиримде, бийлик чет жакта жүргөн ийгиликтүү ишкерлерди чакырсын. Аларды аныктоо оңой эле. Буга чейин ким мамлекет үчүн иштеди, кандай салым кошту, эмне жардам кылды, ушул сыяктуу анкета жүргүзүп эле, таап койсо болот. Анан 200дөй ишкерди чакырып, президент өзү жакшы кабыл алып, ыраазычылык билдирип, «силер ушуга чейин мамлекет үчүн көп иш жасадыңар, инвестиция салдыңар, эми келип мекениңерде иштеп бергиле» десе, менин оюмча көптөгөн мекендештерибиз макул болуп, инвестиция кылышат. Бул президенттин ишкерлерди колдоосу, мотивация берүүсү катары кабыл алабыз.

Мындан тышкары, президент ар бир облус жетекчисине милдеттеме жүктөшү керек. Кандай милдеттеме? Жети облуста жылына бир жолу инвестициялык форум өтүшү керек. Муну түздөн-түз губернаторлор аткарышы шарт. Бул форум ошол облустарга инвестиция тартуунун жолу. Губернаторлор чет өлкөлөрдө жүргөн ишкерлерди форумга чакырып, жергиликтүү ишкерлердин долбоорлорун аларга сунуштап, тааныштырышы керек. Жалпак тил менен айтканда, жергиликтүү ишкерлер менен чет жакта иштеп жүргөн мигрант ишкерлерди «үйлөндүрүшү» керек. Тышкы тажрыйба менен ички тажрыйба алмашканда, кан алмашып, Кыргызстанда да жакшы бизнестер пайда болот. Губернаторлор Кыргызстандын чет жактагы элчиликтери менен иш алып барып, инвестициялык форумга чакырып, ар бир өлкөдөн жок дегенде экиден ишкер ала келгиле деши керек. Жети облус боюнча ушундай форумдар өткөндө аябай жакшы жыйынтыгын бермек. Бул облустардагы форумдарга президент өзү да катышып койсо болот.

Менин оюмча, биз биринчи өз инвесторлорубузду пайдалансак, анан чет өлкөлүк инвесторлор келет. Мекендештерибиздин өз өлкөсүнө жардамы ушундай жол менен салынса ийгилик болот деген ойдомун. Мен дагы ушундай иштерге катышууга дайыма даярмын.

Марал: Украинанын өзгөчөлүгү эмнеде?

Азамат Исмаилов: Украина агрардык мамлекет. Агро өнөр жайы жакшы өнүккөн. Булар жылына 80 млн тонна түшүм алат. Орточо эсеп менен буудайдын баасы менен эсептегенде жылына 16 млрд бир гана агро багыттан келет.

Өсүмдүк майын экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Буудай экспорту боюнча үчүнчү орунда. Ошондуктан Украинанын агрардык тажрыйбасы аябай чоң. Кондитердик азыктар, күчтүү технологдору боюнча, металл индустриясы боюнча компаниялары көп. Биз Украинадан көп нерсе алсак болот.

Марал: Украин тилин билүү милдеттүүбү же орус тилинде сүйлөсөң жетиштүүбү?

Азамат Исмаилов: Бул жерде сөзсүз украин тилин билүү керек деген талап жок. Мамлекеттик тил катары украин жана англис тили кабыл алынат. Бардык мамлекеттик каналдарда, ишканаларда украин тилинде иш жүргүзүлөт, андан кийин анан башка тилдер келет. Бирок сиз кайсы тилде сүйлөсөңүз ошого жараша сүйлөшө беришет.

Марал: Кыргызстандын экономикалык абалы оор болуп турат. Бул кризистен чыгуунун кандай жолдорун айта аласыз?

Азамат Исмаилов: Азыр дүйнө жүзүндө кризис болуп жатат. Буга пандемиянын таасири чоң болду. Мамлекеттер аралык түшүнбөстүктөр, согуштар дүйнөлүк кризисти алып келди. Кыргызстан кичинекей өлкө болсо да мунун кесепетин көрдү. Өзгөчө былтыр Октябрь окуяларынан кийин көптөгөн артка кетүүлөр болду. Бул окуя Кыргызстанга сырттан инвестиция жасайын дегендерге шек жаратты. Ошого карабай Кыргызстандын келечеги кең деп ишенем. Анткени кичинекей эле өлкө. Аны өнүктүрүү үчүн чоң таланттын же акылдын кереги жок. Эгер биз өзүбүздүн ички, тышкы ресурстарыбызды туура колдонсок, мамлекетти бат эле жакшы абалга чыгарып койсо болот.

Мунун бирден бир жолу кадрларды туура колдонуу. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылышыбыз керек. Азыр бийлик коррупция менен күрөшүүгө аракет жасап жатат, бул дагы убакыт талап кылат деп ойлойм.

Кыргызстанды экономикалык кризистен бат чыгаруунун бир эле жолу — чет жактагы чыгаан жигиттерди инвестор катары тартуу. Мамлекет мунун үстүндө жакшы иш алып барышы керек деп ойлойм. Анткени көптөгөн өлкөлөрдөгү кыргыз мекендештери өз жерине аябай күйүп турушат. Өз мамлекетине күйгөндүктүн үлгүсүн пандемия учурунда жана Баткен окуясында көрдүк.

Марал: Сизге эмне дем берип, шыктандырат?

Азамат Исмаилов: Мен шыктана турган нерселер — биздин жарандардын ийгилиги, өзүмдүн ийгилигим. Өзүмдүн ийгилигим дегенде, мен качан бирөөлөргө жардам бергенде, алардын жылуу батасы мага аябай дем берет.

Мен башкаларга жардам берип атканда өзүмө инвестиция кылам, көп тажрыйба топтойм. Менин өзгөчөлүгүм өз тажрыйбам, а тажрыйбаны мен башкаларга жардам берип, жол көрсөтүп жатып алам.

7-10-июнь күндөрү кыргыз ишкерлери Киевге келип, бизнес форумга катышты. Бир топ ишканаларды көрүштү, алар менен баарлашып жатып, өзүмө көп нерсе алдым.

Кыргызстанымды аябай сүйөм. Чет өлкөдө жүрсөк да өзүбүздү татыктуу алып жүрөлү деп аракет кылабыз. Себеби өз өлкөңдө жүрүп жерди өрттөсөң да байкалбай калышы мүмкүн, бирок чет жакта бир нерсе кылсаң жалпы кыргыздарга сөз тиет. Өзүн жакшы алып жүрүү, башкаларга кеңеш берип, багыттоонун жакшы натыйжаларын көрүү — мага аябай дем берет.

Кыргызстанда көбү эле президент же министр болгусу келет, же дагы ушундай чоң кызматтарга умтулушат. Эмнеге десең «мен мамлекетиме кызмат кылышым керек» дешет. Менин оюмча, өлкөгө кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле жогорку кызматка баруунун кереги жок. Ар бир атуул чет өлкөдө жүрсө да, таштанды тазалап иштесе да өлкөсүнө салым кошо алат.

Салым деген эмне? Салым деген мамлекеттик бийликке келип бир иш жасоо эмес. Өзүңдү туура алып жүрүү да салым, бирөөнө салам берип койгонуң да, көчөнү тазалап жатып, бирөө жыгылып кетсе аны тургузуп коюу да салым болуп эсептелет. Биздин ар бир жаран ушундай ойдо болсо, элине, өлкөсүнө бардык жерде салым кошо алам деп, өзүн оңдосо бул чоң салым. Ниетим мамлекетиме салым кошуу катары болсун деп иш кыла бериши керек.

Мен дагы Украинада туруп, бул жакка келип жаткан мекендештерибизге жардам берүү менен өз мамлекетиме салым кошуп жатам деп ойлойм, ишенем.

Марал: Сиздей болгусу келген жаштарга кандай кеңеш бересиз? Адам бардык тарабынан өнүгүп, көөдөнүн толтуруу үчүн эмгек кылуу жетиштүүбү же бул табиятынан берилген нерсеби?

Азамат Исмаилов: Бул үчүн эмгек кылуу же тажрыйба да керек болушу мүмкүн. Бирок менин оюмча ар бир адам өзүнө жөнөкөй суроолорду сурашы керек. Мен эмне үчүн жашап жүрөм? Эмне үчүн ушул иш менен алектенип жатам? Мамлекетиме эмне кыла алам? деген сыяктуу суроолорду өзүнө бере берсе, жоопторду алуу үчүн көп нерсени түшүнөт. Биз адамдар жөнөкөй нерселердин жообун билбейбиз, көп кишилер менен алек болобуз, өзүбүз менен алек болбойбуз. Ар бир адам өзүн таанышы керек. Өзүн тааныган, жакшы билген адам — ийгиликтүү адам. Бизде өзүн билбей туруп башкаларды айткандар, сындагандар көп. Өзүң менен алек болсоң башкага убактың калбайт. Анткени Кудай бизди ушундай жараткан экен, ички дүйнөбүздө көптөгөн потенциалыбыз бар, биз ошолордун үстүндө иштешибиз керек.

Көп китеп окуп, чоң жерде билим алыштын да кереги жок. Биринчи кезекте адам болуу керек. Азыркы тапта Гарвардка барып окуп келүү өнөр эмес, адам болуу өнөр.

Мен да жумушка кызматкерлерди алып жатканда эң биринчи адамгерчилигине карайм. Менде 12 жылдан бери иштеген кызматкерлер бар, эмнеге? анткени алар жакшы иштейт, калп айтпайт, өзүн туура алып жүрөт. Ошондуктан менин оюмча, мамлекеттик структурада, жеке сектордо болсун, бардык жерде чыныгы адамдарга муктаждык бар.

Марал: Балдарыңызга кандай тарбия берип жатам деп ойлойсуз?

Азамат Исмаилов: Мен өзүмө баа бергенден корком. Анткени өзүмдү толук окуп бүтө элекмин. Дагы көптөгөн кемчиликтерим бар. Бирок бүгүнкү бизнес форумдун жыйынтыгында айтылган сөздөр, айтылган баталарды угуп, жакшы иш кылып жатканыма кубанам. Үйдөгүлөрүмдүн да мага баасы алардын жакшы сөздөрүнөн байкалат. Мисалы, туулган күндөрүмдө балдарымдын куттуктоо сөздөрү аябай таасирлентет. Мен уулума «мындай бол, тигиндей бол» деп айтпайм, өз кыймыл-аракетим менен көрсөткөнгө аракет кылам. Ошону алар көрүп, сөз түрүндө жазуу түрүндө айтканы — мага берген баасы.

Марал: Мисалы, эмне деп айтышат балдарыңыз?

Азамат Исмаилов: «Мен сенин кылган иштериң менен сыймыктанам, сендей болгум келет» деген сөздөрү аябай таасирлентет. Кызым «сен мага татыктуу болгонумдан да көп нерсе бергениң үчүн сага ыраазымын!», — деп айткан сөздөрү аябай таасирлентти. Мен балдарымдын ушундай сөздөрү менен өзүмө баа бере алам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM