Биз менен байланышыңыз

Бишкекте түнкү рейд жүрүп, 6 тамактануучу жайга айып салынды

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 1095 | 0

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардагы тамактануучу жана оюн-зоок жайларга түнкү рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

18-июнда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында алты тамактануучу жай, бир интернет-клубга 31 миң сом айып салынды. Төмөндөгү коомдук жайлар мэриянын чечимин аткарган эмес:

  • «Соң-Көл», «Бухара-Ассорти», «Глав Пив Трест» ресторандары;
  • «Соң-Көл» ресто-бары;
  • «Айва» чайканасы;
  • «Пабло» лаундж-бары;
  • Drop интернет-клубу.

Белгилей кетсек, 16-июнда Бишкек мэриясында өткөн эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отурумунда эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп бара жатканына байланыштуу 17-июндан тарта Бишкектеги тамактануучу жана оюн-зоок жайлардын ишине чектөө киргизүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык, аталган жайлардын кечки саат 23:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин иштешине тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM