Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардагы тамактануучу жана оюн-зоок жайларга түнкү рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
18-июнда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында алты тамактануучу жай, бир интернет-клубга 31 миң сом айып салынды. Төмөндөгү коомдук жайлар мэриянын чечимин аткарган эмес:
- «Соң-Көл», «Бухара-Ассорти», «Глав Пив Трест» ресторандары;
- «Соң-Көл» ресто-бары;
- «Айва» чайканасы;
- «Пабло» лаундж-бары;
- Drop интернет-клубу.
Белгилей кетсек, 16-июнда Бишкек мэриясында өткөн эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отурумунда эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп бара жатканына байланыштуу 17-июндан тарта Бишкектеги тамактануучу жана оюн-зоок жайлардын ишине чектөө киргизүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык, аталган жайлардын кечки саат 23:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин иштешине тыюу салынган.