Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 870 адамдан аныкталып, беш бейтап каза болду

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 657 | 0

Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус дагы 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алар Бишкек шаарында – 470, Ош шаарында – 113, Чүй облусунда – 100, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 76, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 404 адам илдеттен сакайган.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 285 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 323 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 501 бейтаптын абалы орто оордукта, 664 адамдын абалы оор жана 101 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 34 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 58 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 734 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 114 миң 300 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 104 миң 706 киши айыгып чыкса, 1 миң 925 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM