Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарына «Спутник V» вакцинасынын 50 миң дозасы бөлүндү

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 417 | 0

Бишкек шаарына «Спутник V» вакцинасынын 50 миң дозасы бөлүндү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-июнда Кыргызстанга Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы келген.

Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен алтымыштан ашкан жарандар жана өнөкөт оорусу барлар дарыгердин көрсөтмөсү боюнча эмделүүдө.

Эмдөө жүргүзүлүп жаткан мекемелер:

— Биринчи Май районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору – 32 55 71, 0550  701 002;

— Октябрь районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору – 57 09 15, 0703 293 793;

—  Ленин районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору №2 ҮДМБ– 64 45 57, 0505 111 330;

— Биринчи май районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 ҮДМБ– 0550 151 528;

— Свердлов районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 ҮДМБ – 63 51 22, 0505 286 670.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM