Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинди

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 379 | 0

Кыргызстанга коронавируска каршы Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кабарлады.

Вакцина Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун алкагында республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды.

«Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы 22-апрелде алып келинген. 10-майда дагы 20 миң доза келип түшкөн.

Кыргызстанда марттын аягында коронавируска каршы эмдөө башталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 14-июнда жакында өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинерин кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM