Бишкек шаарына «Спутник V» вакцинасынын 50 миң дозасы бөлүндү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эскерте кетсек, кечээ, 17-июнда Кыргызстанга Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы келген.
Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен алтымыштан ашкан жарандар жана өнөкөт оорусу барлар дарыгердин көрсөтмөсү боюнча эмделүүдө.
Эмдөө жүргүзүлүп жаткан мекемелер:
— Биринчи Май районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору – 32 55 71, 0550 701 002;
— Октябрь районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору – 57 09 15, 0703 293 793;
— Ленин районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору №2 ҮДМБ– 64 45 57, 0505 111 330;
— Биринчи май районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 ҮДМБ– 0550 151 528;
— Свердлов районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 ҮДМБ – 63 51 22, 0505 286 670.