Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 824 | 0

Бүгүн, 18-июнда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Көз карандысыз директорлор палатасы «Өз ара түшүнүшүү жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө» меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты корпоративдик башкарууну жайылтуу болуп саналат. Анын алкагында эки тарап бир нече багытта иш алып барат. Алар көз карандысыз директорлорду киргизүүдө «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга ылайык ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгышып, корпоративдик башкарууну өнүктүрүү жаатында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууну талкуулоо боюнча коомдук угууларга катышат. Бул тууралуу Көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Кайрат Итибаев билдирди. Ал Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы менен дагы кандай биргелешкен аракеттерди көрүүгө ниеттенерин айтты.

«Билим берүү иш-чаралары аркылуу көз карандысыз директорлордун квалификациясын жогорулатуу жана өркүндөтүүнү, корпоративдик башкарууну илгерилетүү максатында биргелешкен иш-чараларды жана тегерек столдорду өткөрүүнү жана муну менен катар Мамлекеттик финансылык көзөмөл органында «Корпоративдик башкаруунун негиздери: принциптер, ролдор, алдыңкы тажрыйба жана капиталды көтөрүүнүн ачыктыгы» темасында тренингдерди өткөрүүнү пландаштырып жатабыз», — деди Итибаев.

Меморандумдун алкагында бизнес-менеджмент, бизнести башкаруу тармагында билим алган студенттер, ишканалардын жетекчилери жана ишкерлер үчүн маал-маалы менен атайын тренинг, окутуулар өткөрүлүп турат. Бул интерактивдүү окутуулар катышуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Корпоративдик башкаруу – дүйнө жүзүндө кеңири таралган чоң тажрыйба. Ар бир ири компания эгерде эл аралык деңгээлге чыга турган болсо, анда сөзсүз корпоративдик башкаруу кириши керек. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев мындай башкаруунун артыкчылыктарын айтып берди.

«Бүгүнкү күндө көпчүлүгү корпортавдик башкаруунун маанисин түшүнбөйт. Бирок дүйнө жүзүндөгү чоң, белгилүү компаниялардын көз карандысыз  жетекчилери бар. Негизи «Акционердик коом» боюнча мыйзамда «30% көз карандысыз мүчө-жетекчилер болушу керек» деп жазылган. А бирок иш жүзүндө бул мыйзам иштебейт. Себеби бардык директорлор: «Бул менин менчик компаниям, ал жерге менин туугандарым, тааныштарым отурушу керек», — деп иштешет. А бирок ушул корпоративдик башкаруунун негизинде профессионал жетекчи келсе, анда ал ошол компанияны өнүктүрүүгө, башкача системдүү иш-аракеттер менен иштөөсүнө чоң салым кошот», — деди Кожошев.

Меморандумга кол коюлгандан кийин «Корпоративдик башкаруунун негиздери» аттуу темада 2 күндүк тренинг башталды. Анда капиталды көбөйтүүнүн принциптери окутулат. Эгерде өлкөдө капиталдык башкаруу өнүксө, Кыргызстанга тикелей инвестициянын көлөмү өсүп, чет өлкөлүк инвесторлордун биздин өлкө менен иштешүүгө кызыгы артарын айтышат эксперттер.

Copyright © 2017 Maral FM