Бүгүн, 18-июнда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Көз карандысыз директорлор палатасы «Өз ара түшүнүшүү жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө» меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун негизги максаты корпоративдик башкарууну жайылтуу болуп саналат. Анын алкагында эки тарап бир нече багытта иш алып барат. Алар көз карандысыз директорлорду киргизүүдө «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга ылайык ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгышып, корпоративдик башкарууну өнүктүрүү жаатында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууну талкуулоо боюнча коомдук угууларга катышат. Бул тууралуу Көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Кайрат Итибаев билдирди. Ал Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы менен дагы кандай биргелешкен аракеттерди көрүүгө ниеттенерин айтты.
Меморандумдун алкагында бизнес-менеджмент, бизнести башкаруу тармагында билим алган студенттер, ишканалардын жетекчилери жана ишкерлер үчүн маал-маалы менен атайын тренинг, окутуулар өткөрүлүп турат. Бул интерактивдүү окутуулар катышуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Корпоративдик башкаруу – дүйнө жүзүндө кеңири таралган чоң тажрыйба. Ар бир ири компания эгерде эл аралык деңгээлге чыга турган болсо, анда сөзсүз корпоративдик башкаруу кириши керек. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев мындай башкаруунун артыкчылыктарын айтып берди.
«Бүгүнкү күндө көпчүлүгү корпортавдик башкаруунун маанисин түшүнбөйт. Бирок дүйнө жүзүндөгү чоң, белгилүү компаниялардын көз карандысыз
Меморандумга кол коюлгандан кийин «Корпоративдик башкаруунун негиздери» аттуу темада 2 күндүк тренинг башталды. Анда капиталды көбөйтүүнүн принциптери окутулат. Эгерде өлкөдө капиталдык башкаруу өнүксө, Кыргызстанга тикелей инвестициянын көлөмү өсүп, чет өлкөлүк инвесторлордун биздин өлкө менен иштешүүгө кызыгы артарын айтышат эксперттер.