Биз менен байланышыңыз

Энергетикалык суусундуктардын пайда-зыяны: Жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн

Блог | 18 Июн 2021 | 7620 | 1

Энергетикалык суусундуктар эмне жана аны ашыкча колдонууда кандай зыяндары бар? БАЭнин Al Arabiya басылмасы энергетикалык ичимдиктердин пайдасы жана зыяны тууралуу макала даярдаган. Анын кыргызча котормосун жана кыргызстандык дарыгерлердин кеп-кеңешин сиздерге сунуш кылабыз:

Энергетикалык суусундуктар акыркы жылдары көп колдонулган ичимдиктердин катарына кирген. Буга анын адамдын ишке жөндөмүн арттыруусу, концентрацияны бир жерге топтоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү себеп болууда. Бирок ал суусундуктардын зыяны тууралуу кеп кылгандар аз.

Энергетикалык суусундук деген эмне?

Бул суусундуктун пайда же зыянын кеп кылардан мурда анын курамын билип алуу маанилүү. Энергетикалык суусундуктар адамдын иш жөндөмүн арттырып, активдүү кыймылга түрткү берет. Азыр бул суусундуктарды чыгарган бир топ белгилүү бренддер бар. Алар бири-биринен суусундуктун курамындагы кофеин жана шекердин концентрациясынын көп же аздыгы менен айырмаланат. Белгилүү болгондой, кофеин жана шекердин концентрациясы адамдын организмине энергия берип, мээнин активдүү иштешин камсыз кылат.

Энергетикалык суусундуктарда В группасына кирген витаминдер бар. Алар тамак сиңирүү системасында тамакты энергия булагына айлантууга көмөктөшөт жана L-карнитин, таурин сыяктуу аминокычкылдарын пайда кылат.

Ошондой эле энергетикалык суусундуктарга женьшень, гуарана сыяктуу чөптөрдүн экстракттары да кошулуп, алар да организмдин ишке жөндөмүн арттырууга көмөктөшөт.

Энергетикалык суусундуктарды колдонуудагы артыкчылыктар:

Иш жөндөмүн арттыруу

Энергетикалык суусундуктар организмдин иш жөндөмүн арттырып, чыдамкайлыкты пайда кылат. Ошондой эле организмдеги суунун балансын да убактылуу кармап турганга жардамчы болот.

Бодибилдерлер үчүн керектүү

Курамында креатин болгондуктан, алар булчуңдарды чоңойтууга көмөкчү болот. Мындан сырткары аминокычкылдар да булчуңдарды чоңойтууга салым кошот.

Эмне үчүн энергетикалык суусундуктарды дайыма колдонууга болбойт?

Курамында шекер жана кофеин өтө көп

Курамында шекер жана кофеин өтө көп болгондуктан энергетикалык ичимдиктерди дайыма колдонуу ден соолукка зыян. Анткени диабет жана жүрөк кан тамыр ооруларынын пайда болуусуна алып келет. Мындан сырткары кан басымдын жогорулашына себепчи болот. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуу уйкусуздук жана тынчсыздануу сыяктуу ооруларды пайда кылып же күчөтүп жибериши мүмкүн.

Жаш балдар жана эмизген аялдар үчүн колдонууга болбойт!

Кофеин же шекери көп суусундуктарды колдонуу жаш балдар менен бала эмизген аялдарга тыюу салынат. Ошондой эле кош бойлуу аялдар да колдонбошу кажет. Себеби эненин организми жана сүтү аркылуу курсактагы же эмчектеги балага таасир берип, тамак сиңирүү системасын жабыркатат. Ошондой эле жаш балдарда диарея сыяктуу ооруларды пайда кылат.

Жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова  «Маралга» берген маегинде энергетикалык суусундуктарды ичүү адамды ар  кандай коркунучтуу ооруларга дуушар кыларын айтты.

«Энергетикалык суулар жөнөкөй схема менен иштейт. Аны ичкенде денеден көп энергияны алып, мээни активдештирип, иш жөндөмдүүлүктү убактылуу гана арттырат. Мындай көрүнүш бат-баттан кайталанганда нерв системасынын түгөнүшүнө, зат алмашуунун бузулушуна алып келет. Көп ичсе, кан басымынын көтөрүлүшүнө туш кылат. Ал эми ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн. Бир нече убакыттан кийин өнөкөт ооруга айланышы ыктымал. Дарылоо да татаал болуп калат».

1 пикир

1 пикир

  1. Женибек мадалиев жамшитович

    17.08.2022 01:19

    Андай суусундуктарды сатпагыла анда ден соолука зыян деп билип туруп кайра саатыка чыгарып атпайбы.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM