Биз менен байланышыңыз

Чек ара. Бийлик юристтердин аракетин сындады

Саясат | 16 Июн 2021 | 4296 | 0

Президенттин администрациясы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу юристтердин Эл аралык сотко кайрылганын сындады. Бийлик азыркы учурда эки өлкө чек ара маселелерин сүйлөшүүлөрдүн негизинде чече баштаганын, мындайда жарандык коомдун эл аралык сотко кайрылышы дипломатиялык сүйлөшүүлөргө доо кетириши мүмкүн экенин билдирди.

Бирок буга чейин Башкы прокуратура Тажикстандын аракетин аскердик агрессия катары расмий айыптаган.

Башкы прокуратура Баткен коогасын иликтөөгө киришти

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Баткен окуясына байланыштуу президенттик администрациянын аракетин сындады. Ал Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, президенттик аппараттын билдирүүүсүн маскаралоо катары кабыл алганын айтты.

— Мен бул билдирүүнү Президенттин администрациясынын, президенттин өзүн жана жалпы эле мамлекеттик машинаны коомдук маскаралоо деп эсептейм. Бул билдирүү президенттик администрациянын Эл аралык кылмыш сотунун кандай иштей турганын толук түшүнбөгөндүгүн көрсөттү. Эл аралык сотко мамлекеттик органдар эмес, жабырлануучулар, юристтер жана жарандык коом кайрылды. Президенттик аппарат Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ушунчалык ачык тебелеп-тепсегенден көрө жөн эле унчукпай отурушса жакшы болмок», — деп айтылат Сания Токтогазиеванын билдирүүсүндө.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта юристтердин кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасына кайрылганы сындалган.

Анда «айрым күчтөр» кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн деп айтылган.

«Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат. Өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.

Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, «айрым күчтөр» кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.

Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн», — деп жазылат өлкө башчынын расмий сайтындагы маалыматта.

Дипломат, Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстанда жарандык коом өз пикирин эркин билдире аларын айтат. Алардын эл аралык сотко кайрылуусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнө залакасын тийгизбейт.

— Кыргызстан 30 жылдан бери же экономикасы оңолгон жок, же тышкы саясатыбызды оңдогон жокпуз. Бир гана сөз эркиндиги, жарандык коомдун өнүгүшү – биздин эң чоң баалуулугубуз болуп калды. Ошондуктан кыргызстандык юристтердин, жарандык коомдун Эл аралык сотко кайрылганы — туура эле кадам. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнө доо кетирбейт, сүйлөшүүлөр параллель жүрө берет. Себеби Сания Токтогазиева мамлекеттик органда иштебейт да. Ал Тажикстандын кол салуусуна эл аралык сот баа берсин деп аракет кылып жатат, далилдерди топтоду. Эч кандай эреже бузган жок, мамлекеттин позициясын эмес, жарандык коомдун оюн билдирип жатат. Ошондуктан президенттик аппараттын соңку билдирүүсү ашыкча эле нерсе болуп калды, ага комментарий бербей коюу керек эле. Жөн эле Тажикстан тарапка «сый-урмат» көрсөтүп жатышат.

Быйыл 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.

Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

Буга байланыштуу бийлик Тажикстан тарапты айыптаган эмес. Ал эми юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылып, тажик бийлигинин аракеттерин иликтөөнү өтүнгөн.

Ал жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, иликтөөчү журналисттерден, окуяда жабыркаган адамдардан видео, сүрөттөр жана башка далилдер чогултулганын айткан.

Эл аралык кылмыш соту чек ара боюнча кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады

15-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасы кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 4-майда тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланарын расмий кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

-Тажик тараптын аскерлери жана куралдуу түзүмдөрүнүн колунан Кыргызстандын 36 жараны, анын ичинде 3 аскер кызматкери жана 2 бөбөк каза болуп, 180ден ашык жаран ар кандай жаракаттарды алды. Учурда көпчүлүгүнүн абалы оор, 33 миңден ашуун жаран чыр чыккан аймактан көчүрүлгөндүгү такталды», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында. Бул расмий органдын билдирүүсү.

Бирок президенттик аппараттын соңку аракети кайра түшүнүксүз ойлорду жаратты. 25-майда кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкан. Эртеси күнү Тажикстандын Душанбе шаарынан «Манас» аэропортуна келген чартердик каттам артка кайтарылган.

Эл аралык маселелер боюнча аналитик, саясатчы Таалатбек Масадыков журналист Майраш Базлакунова менен болгон маегинде эл аралык соттордун чечимдери тууралуу пикирин билдирген.

Ал кыргызстандык юристтердин чек арадагы окуяга баа берүү тууралуу далил топтоп, сотко кайрылганы жакшы аракет болгону менен адилеттү чечим чыгары күмөн экенин айтууда.

— Азыр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жаштарыбыз пикирлерин билдирип, эл аралык сотко кайрылышты. Маалыматтарды топтоп, Тажикстандын Кыргызстандын жарандарына кол салганын далилдешибиз керек, дүйнө коомчулугу буга көңүл бурушу керек деп аракет кылып жатышат. Бул жакшы. Бирок мен айтат элем, жашсыңар, эл аралык соттордун кандай чечим кабыл аларын, кимдин тапшырмасын аткарарын билбейсиңер. Ал жерде да 100 пайыз адилеттик жок. Албетте, биздин мамлекетке салыштырмалуу соттун деңгээли жогору, билими бар. Бирок эл аралык соттордо бири калбай, бардык чечимдер саясий чечим болуп эсептелет. Ошондуктан биз өтө кылдаттык менен карашыбыз керек. Кайсы сотко, кандай фактылар менен барабыз, ошол сот адилеттүү позицияда чечим кабыл алабы же Батыш өлкөлөрү: «Кыргыз Өкмөтүн кабыл албайбыз, булар башка жол менен кетип бара жатат», — деп коюшабы, ким билет аны?

Анткен менен коомдук ишмер Руслан Акматбек Баткендеги кандуу окуя кайталанбашы үчүн улуттук кызыкчылыкты коргоого чакырат. Анын пикиринде, Өкмөт кыла турган ишти жарандык коом аткарып, эл аралык коомчулукка Тажикстандан мурун кайрылганы маанилүү кадам болду.

— Азыр бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет жасап жаткан экен, кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгондур. Бирок биз келечекте ушундай кандуу окуя кайталанбашы үчүн улуттун коопсуздугун коргошубуз керек да. Биз көрдүк, өзүбүздүн чама-чаркыбыз жетпей экен, демек, эл аралык коомчулукка кайрылуу, айтып чыгуу керек. Тажикстандын агрессиясын бийлик органдары айта албайт экен, анда биздин жарандар айтып чыксын да. Бийлик жетекчилери юристтердин, жарандык коомдун аракетин колдогондун ордуна Тажикстанды коргоп, сотко кайрылышыбызды чектеп жатат. Тажикстандын кол салганын биз айтып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн биз биринчи бурбаганда, тажиктер айтып чыкмак. Алар биздин эле өрттөнгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн, далилдерди пайдаланып, «мына кыргыздар агрессия кылды» деп чыгышмак. Ошондуктан биздин жарандардын биринчи кайрылганы абдан маанилүү болду. Эл аралык коомчулукка позициябызды биринчи билдирип алдык. Бул жарандык коомдун пикири, бийликтин позициясы эмес. Бийлик дипломатиялык сүйлөшүүлөрүн жүргүзө берсин, ага эч кандай залакасын тийгизбейт, параллель түрдө ишке аша берет.

Адам укуктарын коргогон эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстан менен Тажикстанды жай тургундардын өлүмүн, жабыркагандар боюнча тыкыр иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууга чакырган.

Ошондой эле укук коргоочулар эки тарапты тең адам укуктарын коргоого шарт түзүп берүүсүн сунуштаган.

Уюм белгилегендей, чек арадагы окуя учурунда аскердик мыйзам боюнча аскерий жана жарандык объектилерди өз алдынча кароо зарыл, мектеп, турак үйлөр аскердик максатта колдонулбашы керек.

Мындан сырткары, Human Rights Watch Кыргызстан менен Тажикстан бийлиги кылмыштын бетин ачуу үчүн жарандарына жардам бериши керектигин да белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM