Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көргөн» деп айыптады.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалап, кылмыш ишин козгоду. Мекеме Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы жана башка куралдардын түрлөрүн колдонуп, чек арага кара ниеттик менен кол салды деп баалады.
Тажикстандын аскердик кол салуусу Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталды. Тергөөдө далил заттар жана видеожазуулар алынып, фото-видео фиксациялар жүргүзүлдү.
Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузду.
«Тажик тараптын аскерлери жана куралдуу түзүмдөрүнүн колунан Кыргызстандын 36 жараны, анын ичинде 3 аскер кызматкери жана 2 бөбөктүн каза болгондугу аныкталып, 180ден ашык жаран ар кандай жаракат алды. Учурда көпчүлүгүнүн абалы оор. 33 миңден ашуун жаран чыр чыккан аймактан көчүрүлгөнү такталды. Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынып, Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылды», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.
Ал эми Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан коргонуу, жарандарды коргоо, аймактык бүтүндүктү сактоо максатында гана ок атуучу куралдар колдонулган. Кыргыз Республикасынын аскер күчтөрүнүн жана жарандарынын Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салган учурлары болгон эмес.
Саясат талдоочу Айданбек Акматов Башкы көзөмөл органы бул ишти аягына чыгарышы керектигин жана эл аралык сот жай тургундарга карата аскердик кол салуу окуясына сөзсүз баа берерин айтууда.
— Башкы прокуратуранын милдети — ошол жердеги болгон окуяларды териштирип, эл аралык, ички мыйзамдар канчалык бузулгандыгын аныктап, мыйзамдык базасын бериши керек. Ошондой эле эл аралык сотторго, ички соттор аркылуу иштерди жүргүзүүгө милдеттүү. Ал аны «кожо көрсүн» деп аткарбай, аягына чейин жасашы керек. Тажик тарабынан жасалган бардык аскердик кылмыштарды документтештирүү керек.
Соттор ушундай аскердик кылмыш жасалганда, болгондо да массалык түрдө куралсыз элге карата жасалган кылмыштарга сөзсүз түрдө баасын берет. Биз өзүбүз бардык аргументтерди беришибиз керек.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы да 2-майда чек арадагы жаңжал боюнча кыргызстандык жарандарга карата кылмыш ишин ачты. Маалыматтарга караганда, кылмыш иши «Агрессивдүү согушту баштоо же жүргүзүү» деген берене менен козголгон.
Ушул күндөрү Тажикстан бир тараптуу маалыматтарды таратууга аракет кылып жатат.
Дипломат, Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Башкы прокуратуранын аныктамасы жетишсиз экенин айтып, мындан аркы саясий позицияны өкмөт менен парламенттен күтүүдө.
— Азыр Башкы прокуратура бардык кылмыштарды иликтеп, бул окуяны катардагы чек ара жаңжалы катары эмес, бир тараптуу агрессия болгонун, Тажикстандын туруктуу армиясы биздин жөнөкөй тургундарга кол салганын айтышыбыз керек. Ошол эле учурда мыйзам чыгаруу органы да бул маселеде позициясын билдириши керек. Себеби парламент көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө.
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде башталган. 29-апрелде Тажикстан тараптан ок атуу болуп, ал тынымсыз уланып турган. Ошол күнү кечинде эки тарап сүйлөшүүгө келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок Тажикстандын аскерлери жай тургундарга ок атууну жана үйлөрүн талкалоону токтотушкан эмес. Мындай мыкаачылык кол салууну эл аралык коомчулукка туура жеткирүү үчүн басылмалар чет тилдерде маалыматтарды жарыялап жатышат.
Юристтер, жарандык коом эл аралык сотко кайрылуу даярдашууда. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы тажик тараптан кенемте талап кылынбай турганын айткан.
Юрист Клара Сооронкулова дүйнө коомчулугуна мамлекеттик деңгээлде кайрылуу туура болорун айтат.
-Баткенге тажик аскерлеринин кол салуусун толук тергеп, аягына чыгарып коюу керек. Себеби эл аралык сотко кайрылганда: «Биз иликтедик, далилдедик, күнөөсү бар экен», — деп талап кылат, же болбосо буларды өз аймагыбызда жоопко тартабыз деген талап коюлат. Азыркы тергөө иштерин жүргүзүп, далил топтоо маанилүү. Жарандык коом жасап жаткан ишти мамлекет аткарышы керек. Анткени эл аралык уюмдар жарандык коом кайрылганда карабайт, мамлекеттин ишине кийлигишүү катары бааланып калат. Мамлекет расмий түрдө кайрылса туура болот.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча тараптар жоопкерчиликти бири-бирине шылтап жатат.
4-майда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутериш Кыргызстан менен Тажикстанды атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган тынчтык келишимин сактоого чакырды. Уюмдун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргендей, башкы катчынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман эки өлкөнүн бийлиги менен байланышта. БУУ зарыл болгон учурда жардам берүүгө даяр.