УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, кыргыз-тажик чек арасында турак үйлөрү жабыркагандар үчүн тажик тарапка доомат коюлбай турганын айтты.
Ушул убакытта кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышка баа берүү, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу аракети көрүлүп жатат. Жарандык коом, укук коргоочулар тажик бийлигинин кыргыздын жай тургундарына кол салуусун «чек ара конфликти» катары кабыл албай, «согуш ачуу» катары дүйнө коомчулугуна жеткирүү керектигин айтышууда.
Ал эми Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде эл менен жолугушууда журналисттердин да суроолоруна жооп берди. Ал чек арадагы ок атышууда келтирилген зыян үчүн тажик тарапка кайрылуу болбой турганын, чыгымдын баарын өкмөт камсыздап берерин билдирди:
УКМКнын жетекчисинин «компенсация сурабайбыз» дегени коомчулукта талкуу жаратып жатат. Себеби эксперттердин айтымында, бул эл аралык коомчулукта «чек ара чыры» катары бааланып, күнөөнү бийлик өз мойнуна алып калган болот.
Азыр Кыргызстан тажик тараптан чыгымдарды төлөөнү талап кылып, жалпы эл аралык коомчулукка кайрылышы зарыл. Себеби Тажикстан Кыргызстандын чек арасына кирип барып, жай тургундарды өлтүрүү менен агрессиялык саясат жасаганын дүйнөлүк коомчулук билиши керек.
Мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков репарация жолу менен Тажикстандын агрессиясын эл аралык коомчулук тарабынан сынга алуу, аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, агрессиянын айынан болгон чыгымды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык кенемте төлөтүү зарылдыгын айтты.
— Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргызстанга жасалган агрессияга байланыштуу бардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргызстанга эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жоопко тартууга жардам берет. Кыргызстан — БУУ баш болгон көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү. Кыргызстан дүйнөнүн колдоосуна жана Тажикстандын аскердик агрессиясын айыптоого муктаж жагдай жаралды, — деди Айдарбеков.
Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде Кыргызстандын кызыкчылыгын сактап калуунун бир гана жолу бар экенин айтты.
Биринчиси, согуш болгон жерде аскерлерди жана көзөмөлдү күчөтүү керек; экинчиси, дипломатиялык иштерди жүргүзүү керек. Бул учурда өлкө эл аралык майдан менен бирге мыйзамдын негизинде иш алып баруусу зарыл.
— Эң биринчи жакшы кадам — согушту токтоттук. Эми бул согуштун кайталануусуна жол бербешибиз керек. Анын 2 жолу бар: биринчиси, согуш болгон жерде аскерлерди жана көзөмөлдү күчөтүү керек; экинчиси, дипломатиялык иштерди жүргүзүү керек. Бул учурда биз эл аралык майдан менен бирге укуктук жана мыйзамдын негизинде иш алып баруубуз зарыл.
Биз Гаага соту, БУУ, ЖККУ, ЕККУлар менен бирге иштешип, Тажикстан өзү биринчи кол салганын мойнуна алдырышыбыз керек. Бул окуяга тарыхта «чек арадагы согуш, анда Тажикстан агрессор болгон» деген баа берилип, Тажикстандын учурдагы айрым бир өкүлдөрү 3 жылдан кийин болобу, 10 жылдан кийин болобу, эл аралык трибуналдын алдында жооп бериши керек. А репарация, материалдык же моралдык чыгымдар — экинчи орунда.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбаевдин пикиринде, Кыргыз Өкмөтүндө эки жол бар болчу: биринчиси, Тажикстанды агрессор деп жарыялап, тиешелүү эл аралык уюмдарга кайрылуу үчүн фактыларды, документтерди чогултуу; экинчиси, Тажикстанды дос деп жарыялап, андан кийин чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү.
Кыргыз бийлиги экинчи жолду тандады.
Тажикстанды агрессор деп жарыялап, тиешелүү эл аралык уюмдарга кайрылуу үчүн фактыларды, документтерди чогултуу. Бул жол Тажикстан менен мамилелердин биротоло начарлашына алып келип, чек араларды аныктоо процесси дагы татаалдашып, узакка созулмак.
Тажикстанды дос деп жарыялап, андан кийин чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү. Натыйжада, көйгөйдү тез арада чечүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Чек ара маселелерин чечкенден кийин каалаган кадамды кылсак болот.
Ооба, бийлик үчүн өтө татаал тандоо. Бирок алар өз тандоосун жасашты.
Садыр Жапаров экинчи жолду тандады. Бардык жоопкерчилик анын мойнунда. Экинчи жолду тандап, Камчыбек Ташиев менен биргеликте алар чоң жоопкерчиликти алышты, бул кадам оң натыйжа менен чечилсе, жок дегенде, алардын саясий келечеги үчүн пайдалуу бир нерсе алып келет, эгер Кудай сактасын, алардын планы ишке ашпай калса, анда артында жаман мурас калтырып кетишет.
Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев эл аралык сот процесстери узак убакытка созуларын, ага чейин Кыргызстан өзү жабыркаган жарандарын камкордукка алганы туура болорун Фейсбукка жазды.
— Ушул тапта баарын алдын ала кылдаттык менен документтештирип, өз эсебибизден калыбына келтирүүнү баштоо керек. Себеби адамдар үй-жайсыз калышты. Тажикстандын аскерий агрессия кылганы тууралуу фактынын таанылышы боюнча эл аралык уюмдар менен иштешүү керек. Бул көп убакытты талап кылат. Адамдар өз мамлекетинин камкордугун сезиши керек.
Мурдагы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кандай болгон күндө да жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында жай тургундар каза болгонуна кейийт.
— Бийликтин кайдыгерлиги, жумшактыгынан биздин бир топ мекендешибиз, жердешибиз кырылып калды. Бул өлкө жетекчилерине өтө чоң коңгуроо. Бийлик мындайга жол бербеши керек эле, берилип калды.
28-30-апрель күндөрү болгон кыргыз тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда Кыргызстандын 35 жараны каза болду, анын ичинде жаш балдар жана кары-картаңдар да бар. Мындан тышкары 100дөн ашык үй өрттөнүп, мектеп, бала бакча жана башка имараттар кыйрады. Кыргыз Өкмөтү учурда чыгымды аныктоону улантып жатат. Анын жыйынтыгында жаңжалдын курмандыктары жана материалдык чыгымдын көлөмү дагы көбөйүшү мүмкүн.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Кыргызстандын мындан аркы кадамы кандай болушу керектиги тууралуу төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:
Кыргызстандын линиясы аркылуу жасала турган кадам кандай болушу керек?
— Бардык дипломатиялык механизмдерди иштетип, чечкиндүүрөөк кадамдарга барышыбыз керек. Тышкы иштер министрлигинин түзүмүнө Кыргызстандын башка мамлекеттердеги элчилери жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүбүз кирет. Ошолордун баарына чек арадагы кол салуу боюнча бардык маалыматты жиберсек, алар, элчилер, уюмдардагы өкүлдөр, Кыргызстандын позициясын айтып чыгышы керек. Керек болсо маалымат жыйындарын өткөрүп, маалыматты толук берүү керек.
Кыргызстандын тышкы саясаттагы багытын так коюп, эл аралык уюмдарда көп тараптуу аянтчаларда да тиешелүү процесстерди баштоо керек. Азыр эмне үчүн ага маани берилбей жатат, себеби чечкиндүүлүк болбой жатат. Тажикстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырып жатышат. Албетте, сүйлөшүү жүрүшү керек. Бирок Тажикстандын агрессиялык кол салуусунан кийин абал такыр башкача болуп калды да. Ошол үчүн эң биринчи дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, позициябызды билдиришибиз керек. Дипломаттар азыр да иштөөнү улантышы керек.
Өкмөт бүгүн Баткенге чет элдик журналисттерди алып кетти. Ал жерде тажик тараптан болгон куралдуу кол салууда жабыркаган айылдар көрсөтүлөт. Муну менен өкмөт Баткендеги окуя тууралуу дүйнө коомчулугуна туура, калыс маалымат жеткирүүнү максат кылууда.