Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: Күзүндө азыркы баалар фантастика болуп сезилип калышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Июн 2021 | 2336 | 0

Сугат суунун уурдалышын токтотуу үчүн ыкчам чара көрүү керек. Болбосо, күзүндө азык-түлүктүн баасы асмандайт. Мындай пикирин мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Чоң Чүй каналында суу бөлүштүрүүчү жүзгө жакын шлюз бар. Ар биринен жок дегенде 500 литрден же 1000 литрден уурдалса, уурдалып кеткен суунун жалпы көлөмү көп болуп чыгат.  Ошол себептен 1-2 жуманын ичинде керек болсо, ар бир пунктка АКСтин (Коррупцияга каршы кызматтын) кызматкерлеринен коюп, сууну күнү-түнү көзөмөлдөө керек. Бул – улуттук азык-түлүк коопсуздугу үчүн абдан маанилүү.

«Азыр эле баалар былтыркыга салыштырмалуу орточо 2 эсе кымбат болуп жатат. Эгер азыр эгиндин баарын, жүгөрүнүн баарын күйгүзүп алсак, күзүндө баа дагы көтөрүлөт. Азыр 20-22 сом болуп жатса, күз-кышта 30 сомго чыгып, же андан да ашышы мүмкүн. Тоюттун баасынан жумуртка, сүт, эт көз каранды болот. Демек, мультипликативдүү түрдө бүт баары кымбаттайт. Ошондо азыркы баалар, азыркы мезгил сонун экен деп, сагынабыз. Бул баалар фантастика болуп сезилип калат», – дейт ал.

Анын пикиринде, ар бир суу бөлүштүрүлө турган жерлерге күч органдарынан вахталык ыкма менен 8 сааттан 3 нөөмөткө киши бекитип, суунун каякка, канча көлөмдө кетип жатканы онлайн көрүнүп тургандай кылып койсо, уурулук токтойт. Уурулук токтосо, суу 100% баарына жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM