Биз менен байланышыңыз

Тилек Токтогазиев: Чүй суусун бойлото 15,5 чакырым канал салуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Июн 2021 | 1485 | 0

Суунун тартыштыгын жоюу үчүн Чүй суусун бойлото 15,5 чакырым кошумча канал салуу керек. Бул тууралуу мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, суу бөлүштүрүлүп жатканда, 42%ды Казакстанга берүү,  58%ды Кыргызстанда калтыруу каралган. Бирок Казакстанга жыл сайын кошумча 400 млн куб суу кетип калып жатат.

«Чүй суусунда бир таштак жер бар. Ал жактан жылына 400 млн куб суу жердин астына кирип кетип, Казакстандын территориясынан чыгат. Ошол 400 млн куб суу 42%дын ичине кирбейт. Бул маселени чечүү үчүн Чүйдү бойлото кошумча 15,5 чакырым канал салып, сууну топурагы жакшы жерден чыгарып берүү керек. Ошондо бизде кошумча 70 куб суу пайда болот. Ошондон 42% казактарга берсек, 58%ды калтырсак, маселе оңой эле чечилет», — дейт Токтогазиев.

Ал бул маселени Артем Новиков премьер-министр болуп турганда, өкмөттүн жыйынында көтөргөнүн кошумчалады.

«Канал салганга канча акча керек десек, 52 млн доллар деп санап коюшту. Ошондо бир чакырым канал 3 млн 355 миң долларга айланып жатат. «Бул эмне деген канал? Алтын менен саласыңарбы?» — деген суроо жаралды. Биз адистерди чакырып, алардын сунушун угалы дегенбиз. Балким эски советтик технология менен салса, ушунча кетеби, билбейм. Азыр дүйнөдө канча жаңы технологиялар бар, алар менен 5-10 эсе арзан салса болмоктур. Бирок бул жакта да коррупциялык элементтер бар. 30 жылда эле Кыргызстандын суу тармагына 1 млрд доллардан ашык кредит, грант келиптир. Ошонун баары эле суу тармагына жумшалды дейсиңерби. Тиешелүү органдар иликтесе, алардын канчасы  президенттердин, премьер-министрлердин, башка жооптуу кызматкерлердин чөнтөгүнө кеткенин аныктамак», — дейт ал.

Токтогазиев суу тартыштыгын жоюудагы кийинки кадамдар катары Союз убагынан бери турган скважиналарды калыбына келтирүү, БДР, БСРлерди оңдоп, ишке киргизүүнү атады. Эң башкысы, бул тармактагы коррупцияны, сууну жең ичинен сатууну жоюу керектигин баса  белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM