Биз менен байланышыңыз

Украинадагы эл аралык мектепти жетектеген Кумарбек Раманов менен маек

Блог | 15 Июн 2021 | 3518 | 0
Сүрөт: Бахар Хакимова

Биз бүгүн Украинанын Киев шаарындагы «Меридиан» эл аралык мектебинин директору, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун тургуну Кумарбек Раманов менен маек курабыз.

— Кумарбек мырза, биздин суроолорго жооп берүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн ырахмат. Украинага качан келгенсиз, анан да Киев шаарындагы эл аралык мектепке кантип жетекчи болуп калдыңыз?

— Негизи эл аралык мектептердин өздөрүнүн платформасы бар. Жыл сайын вакансиялар ачылып турат, сынактар өтөт. Ал сынактан өткөндөрдү критерийлерге карап тандашат. Мен да ушундай эле ыкма менен, тагыраагы, конкурс аркылуу утуп, жетекчи болуп калдым.

— Чет мамлекеттерде иштөөнү же мектеп директору болууну максат кылдыңыз беле?

— Украинага келип калуу такыр оюмда жок эле, он уктасам түшүмө кирмек эмес. Бирок студент кезимде чет өлкөдө иштеп көрүү керек деп ойлочумун.

— Украинага келгениңизге канча болду, жашоо-шартына көнүп калдыңызбы?

— Украина — постсоветтик өлкөлөрдүн бири. Жадагалса, лифттеринин ичиндеги жыты да окшош. Инфраструктурасы, калкынын мүнөзү жагынан бизден айырмасы деле жок. Биз орус тилин билгенибиз үчүн эч кандай кыйынчылык деле көргөн жокпуз. Албетте, тажрыйба болду, бирок жыл өткөн сайын көнүп баратабыз.

— Бул өлкөнүн билим берүү системасы кандай жана сиздердин «Меридиан» эл аралык мектебинин өзгөчөлүгү эмнеде?

— Украина билим берүүнүн сапаты боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундарда. Биздин мектепте болсо дүйнөлүк стандартка аракет кылган программабыз бар. Мисалы, Кембридж системасы.

Экинчиден, биздин мектепке келген ата-энелердин баары: «Силер окуучуларга үй-бүлөлүк атмосфераны бересиңер», — деп айтышат. Башкача айтканда, биздин мектеп балдарга гумандуулукту үйрөтөт.

Бул жерде окуган балдарды кореялык, америкалык, африкалык, австриялык деп бөлбөйбүз, өздөрү да бөлүнүшпөйт. Биз үчүн адамдын баары бирдей жана аларга карата сый-урмат бар.

Мисалы, мектепке жаңы келген мугалимдер силердин балдар эркин деп айтышат. Алар ой-пикирин так сүйлөмдөргө айландырып, сага так жеткире алышат.

— Окутуу кандай жүрөт, балдар канча тил үйрөнүп чыгышат? Кыргыз балдар окуйбу?

— Окутуу мамлекеттик жана эл аралык стандарт менен жүргүзүлөт. Тил боюнча айтсам, эң биринчи украин тили, андан кийин англис тилин окутабыз. Ага катар немис тили азыр абдан популярдуу болуп жатат. Ошондой эле окуучуларга өздөрү каалаган тилди үйрөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Биздин мектепте 12 кыргыз бала окуйт. Алардын баары менен сыймыктанабыз, себеби Кыргызстанды тааныткан балдар.

— Мектепте сизден башка кыргыз мугалимдер же персоналдар барбы?

— Жалпысынан 12 улуттун өкүлдөрү иштейт. Көбүнчөсү жергиликтүүлөр. Кыргызстандан экөөбүз иштейбиз. Азат деген жаш мугалимибиз математика, информатиканы окутат. Калгандары америкалык, англиялыктар.

— Буга чейин кайсы жакта иштедиңиз эле? Кыргызстандын билим берүү системасын өзгөртүү боюнча кандай ойлоруңуз бар?

— Бүгүнкү күндө билимди талкуулабаган чөйрө, билимди сүйлөбөгөн адам калбай калды. Бул абдан жакшы нерсе. Мен өзүм Оштогу мамлекеттик билимди башкаруу мекемесинде үч жыл иштедим. Бул 2200 мамлекеттик мектеп менен иштешүү дегенди түшүндүрөт. Ош шаарын эле алып карасак, 4700 мугалим бар. Күчтүү команда. Болгону биздеги билим берүү системаны туура багыттоо керек. Азыркы замандын талабына ылайыктоо керек, анткени «А» тамгасын өзгөртө албайсың да.

Анан азыр дүйнө жүзүндө билимге маани берген гана мамлекет алдыга жылат деген тенденция бар. Биз, Alpha мууну Z муунун окутуп жатабыз. Мугалимдер акыркы тенденцияларды жакшы билиши керек.

Кыргызстандын билим тармагындагы келечеги чоң деп ойлойм. Азыр университетке окубаган бала аз. Ошол үчүн биз билимди экспорттошубуз керек. Ошондо өлкөнүн билим сапатын 5-6 жылда өнүктүрө алабыз. Кыргызстан буга бир эле кадам таштаса жетет. Себеби үч жылдын ичинде эле 140тай кыргыз мугалими эл аралык мектептерде иштеп жатат. Мен билбеген дагы канчасы бар. Украинанын өзүндө эле алты кыргыз мугалими бар, математик, биолог, программист, англис тилчи, бала бакчада иштеген жердештерибиз бар.

— Украиналыктардын кыргыздарга көз карашы кандай?

— Украинага миграция менен келип калган башкы көч жакшы планка менен келген окшойт. Ошол себептен башынан эле кыргыздарга сый-урмат менен мамиле кылып, иш берүүчүлөр катары карашат.

Бул жерде жашап, эмгектенген кыргыздар базарларда же башка кара жумуштарда эмес, мекеме, компанияларды иштетишет, жергиликтүүлөрдү иш менен камсыз кылгандар бар. Алардын ишканаларына барсаң, кирүү үчүн кадимкидей кезекке турасың.

— Сиздердин мектеп окуучуларга билимден тышкары дагы эмне бере алат? Же мектеп бүтүрүүчүсү жашоодо оз ордун таап кетиши үчүн билим алуудан тышкары дагы эмнеге ээ болушу керек деп ойлойсуз?

— Мен ар бир окуучум менен отуруп маектешкенде, сүйлөшүп калганда бир эле нерсени айтам. Мыкты билим алуу, физикадан олимпиадага катышуу, ырдан, спорттон ийгилик жаратуу — негизги максат эмес, транспорт гана.

Негизги максат – жашоодо өз ордуңду таап, бактылуу болуу. Адам бактылуу болгон жерде тегерегиндегилерди да бактылуу кыла алат. Жашоодо өз ордун таап, бул дүйнөгө, Мекенине жакшы кызмат кылуусу жетиштүү. Мен балдарга айтам, баарыңар президент, же депутат, же бизнесмен боло албайсыңар. Бирок баарыңар бир үй-бүлөнүн ээси боло аласыңар. Бул жөнөкөй нерселер.

Мен окуучуларымдан күткөнүм, кайда болсо дагы, эмне менен алектенсе да эң мыктысы болсун. Эң мыкты ата, эң мыкты күйөө, же ини же эже болсун, эң мыкты апа болсун, бул вакансиялардын баары бош турат. Андан да ашып жатса элди, өлкөнү башкарсын. Ал да жетпесе, анда дүйнөнү башкар, бирок эң негизгиси адам бол. Менин окуучуларымдан күткөнүм — ушул.

Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM