Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Жол фондун түзүү демилгеленүүдө

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 303 | 0

Бүгүн, 14-июнда парламенттин Бюджет жана каржы комитети «Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири Нурбек Алимбековдун айтымында, өлкө аймагындагы жолдордун абалын эске алуу менен депутаттар тобу Жол фондун түзүүнү сунуштоодо. Ал үчүн Бюджет менен Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот.

Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталат. Мыйзам кабыл алынып калса, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштеп баштайт. Анда жылына 3 млрд сомго жакын каражат топтолору пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM