Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кытай IT тармагына дээрлик 346,1 млрд доллар сарптайт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 473 | 0

Быйыл Кытайдын IT-технология тармагына кетирген чыгашалары артып, 2,21 трлн юандан ашат (дээрлик 346,1 млрд доллар). Бул тууралуу International Data Corporation эл аралык изилдөө жана консалтинг компаниясынын баяндамасында айтылат.

Анда айтылгандай, COVID-19 пандемиясы Кытайда интернет экономика, телемедицина жана дистанттык билим берүүнүн өнүгүшүн тездеткен.

«Бул жылы Кытай өкмөтү XIV беш жылдык планын ишке ашырууга киришкендиктен, жакынкы жылдары алардын IT тармагына кеткен чыгымдары артат», — деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле баяндамада белгиленгендей, быйыл Янцзы дарыясынын дельтасындагы аймакта, Чжэцзян, Цзянсу жана Аньхой провинциялары, ошондой эле Шанхай шаары жайгашкан аймакта, IT тармагына жумшалган каражат 518 млрд юандан ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM