Биз менен байланышыңыз

Human Rights Watch уюму Орхан Инандынын жоголушу боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 513 | 0

Human Rights Watch уюму Орхан Инандынын жоголушу боюнча билдирүү жасады.

Аталган уюм Орхан Инанды Түркияга күч менен чыгарылып кетиши мүмкүн экенин айтып, Кыргызстандын бийлиги анын жоголушун иликтеши керектигин белгилейт.

«Түркиянын жана Кыргызстандын жарандыгы бар Орхан Инанды АКШда жашаган дин аалымы Фетхуллах Гүленге катышы бар делген кыймыл менен байланышы бар деп куугунтукталышы мүмкүн. Түрк бийлиги ал кыймылды 2016-жылы болгон аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган террористтик уюм деп айыптап келет. Инанды Түркияга кайтарылса, кыйноого туш болуп, адилетсиз соттолушу ыктымал», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Аны менен бирге уюм акыркы жылдары Түркия бийлиги «гүленчилер менен байланышы бар» деген шек менен чет элде жүргөн адамдарын кармап, аларды күчкө салып Түркияга алып келгенин, учурда алар ойдон чыгарылган терроризмге айыптоолор менен абакта отурганын белгилейт.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан тышкары ИИМ аны табуу үчүн “Интерпол” аркылуу издөө жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM