Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголгону айтылууда

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 5736 | 4

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инандынын 31-майдан 1-июнга караган түнү жоголуп кеткенин «Азаттыкка» жеке булактары кабарлаганын сайтына жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Инанды түндө менчик автоунаасы менен кетип бара жатканда, белгисиз адамдар уурдап кеткен. Жакындары анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан.

Арызда 1-июндун таңында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин алдынан Инандынын «01KG 599AHR» мамлекеттик номерлүү «Lexus 470» үлгүдөгү автоунаасынын эшиги ачылып, ичи бош турганы, унаанын ээси Орхан Инанды 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экени айтылган.

Ал эми бул боюнча тиешелүү органдар маалымат бере элек.

«Сапаттын» ачылышына Түркиянын кайсы лидерлери катышкан? (фото)

4 пикир

4 пикир

  1. Чинара

    01.06.2021 09:39

    Орхан Инанды Кыргызстандын Билим беруу системасына зор салым кошкон инсан. Ал кыргыз гражданини. Кыргыз Окмоту оз атуулун коргой алат деп ишенебиз. Инанды биз сиз мененбиз.

  2. Muzaffar

    01.06.2021 10:31

    Bul emne degen. Bilim beruu mekemelerin baskargan adamdan emne kaalaysinar. Bilim beruugo tiybesh kerek. Naoborot onukturuu kerek jardam berip.

  3. Улук

    01.06.2021 12:22

    Чоң кылмыш. Күнөөсү болсо сот чечиш керек эле. Ким эмнеге уурдай. Ким аралашкан болсо да чоң кылмыш жана чоң күнөө.

  4. Pingback: Тышкы иштер министрлиги Түркияны Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүгө чакырды | Ring.Kg

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM