Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Орхан Инандыга «Интерпол» аркылуу эл аралык издөө жарыяланды

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 1141 | 0

Орхан Инандыга «Интерпол» аркылуу эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Орхан Инандыны табуу үчүн күбөлөр суралып, издөө иштери уланууда.

«Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, бир катар дүйнө мамлекеттерине, анын ичинде Орусияга, Түркияга башка документтер менен чыгарылган болушу мүмкүн деген багыттамаларды жөнөттүк», — деди ал.

Аны менен бирге ал «Орхон Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн» деп айтылгандарга байланыштуу суроого жооп берди.

«Орхан Инандынын жубайы менен «жолдошу элчиликтин имаратында кармалып жатат» деген маалыматты каяктан алганы боюнча сүйлөштүк. Ал маалыматты башка мамлекетте жүргөн адам берген. Ошондуктан ал адам менен сүйлөшө алган жокпуз. Элчилик да ал (Орхан Инанды – ред.) элчиликте болбогонун билдирди», — деди Абдиев.

Ошондой эле ал, ИИМдин элчиликти текшерүүгө укугу жок болгондуктан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, дипломатиялык каналдар аркылуу иштеп жатканын билдирди.

«Элчиликти текшерүү үчүн Тышкы иштер министрлигине тиешелүү кагаздарды жөнөттүк», — деди ал.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM