Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекте ичеги-карын жугуштуу оорулары көп катталууда

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2021 | 576 | 0

Бишкекте быйылкы 5 айдын ичинде ичеги-карын жугуштуу ооруларын жуктуруп алгандар  былтыркыга салыштырмалуу 29,9%га көп катталды. Бул тууралуу эпидемиолог Жазгүл Убайдилла кызы «Маралга» берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, былтыр мындай оорулар менен 600 адам кайрылган болсо, быйыл 799 бейтап жардамга муктаж болгон.

«Ичеги-карын жугуштуу оорулары 14 жашка чейинки балдар арасында көп кездешет. Алар балалык кылып, жуулбаган, же жаңы эле бактан үзүлгөн мөмө-жемиштерди жей беришет. Балдарды жаштайынан тамактын алдында колдорун самындап жууганга үйрөтүү зарыл. Чийки тамак-ашты колдонордун алдында аны крандагы сууга бир эле тосо калып, жей бербей, бир нече жолу кайталап жууп, анан колдонуу кажет», -дейт ал.

Ичеги-карын жугуштуу ооруларына жалпы ичеги карын оорулары, дизентерия, сальмонеллёз, ич келте, паратиф кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM