Бишкекте быйылкы 5 айдын ичинде ичеги-карын жугуштуу ооруларын жуктуруп алгандар былтыркыга салыштырмалуу 29,9%га көп катталды. Бул тууралуу эпидемиолог Жазгүл Убайдилла кызы «Маралга» берген маегинде билдирди.
Дарыгердин айтымында, былтыр мындай оорулар менен 600 адам кайрылган болсо, быйыл 799 бейтап жардамга муктаж болгон.
«Ичеги-карын жугуштуу оорулары 14 жашка чейинки балдар арасында көп кездешет. Алар балалык кылып, жуулбаган, же жаңы эле бактан үзүлгөн мөмө-жемиштерди жей беришет. Балдарды жаштайынан тамактын алдында колдорун самындап жууганга үйрөтүү зарыл. Чийки тамак-ашты колдонордун алдында аны крандагы сууга бир эле тосо калып, жей бербей, бир нече жолу кайталап жууп, анан колдонуу кажет», -дейт ал.
Ичеги-карын жугуштуу ооруларына жалпы ичеги карын оорулары, дизентерия, сальмонеллёз, ич келте, паратиф кирет.