Биз менен байланышыңыз

Киев: Омошев Украинанын Соода палатасынын төрагасы менен жолукту

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 721 | 1

Бүгүн, 8-июнда Украинанын Киев шаарында кыргыз-украин ишкерлеринин бизнес-форуму өтүп жатат.

Анын алкагында ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Геннадий Чижиков менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууга аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Валерий Король, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов да катышты.

Тараптар кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, бири-бирине өз өлкөлөрүндө чыккан продукцияларды белек кылышты.

Кыргыз ишкерлери Украинанын бал аары тармагы менен тааныш жана иштешип жатышат. Быйыл Украинанын бал аарычылык боюнча институтунун үч адиси кыргызстандык балчыларды окутуп, тажрыйбасы менен бөлүшкөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Бизнес-поездка членов JIA на Украину | Бизнес поездки

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM