Биз менен байланышыңыз

Белгилүү куудул Рахман Разыковдун сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 566 | 0

Бүгүн, 8-июнь күнү Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул Рахман Разыковдун сөөгү жерге берилди.

Рахман Разыковдун сөөгү ал өзү туулуп-өскөн Савай айылында жерге берилип, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына сахналаш достору Абдылда Иманкулов, Жамбыл Камчиев, саясатчы Адахан Мадумаров, шакирттери, айылдаштары, туугандары катышты.

Рахман Разыков 6-июндан 7-июнга караган түнү дүйнөдөн кайткан. Ал пневмониядан каза болгон. Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында туулган.

«Эл Рахман агайдын айткандарын эми эстейт»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM