Биз менен байланышыңыз

«Эл Рахман агайдын айткандарын эми эстейт»

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул, сатирик, актёр, акын Рахман Разыков Ош шаарынын ооруканасында 66 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Чоң сахнада кырк жылдан ашык өнөр тартуулаган күлкү жаратманы эртең түштөн кийин жерге берилет.

Рахман Разыков менен үзөңгүлөшү, куудул Борончу Кудайбергенов менен байланыштык. «Ошко учакка отуруп жаттым эле», — деп, суроолорубузга кыскача жооп берди.

— Кыргыз маданияты дагы бир талантынан ажырап, оор жоготууга учурап отурат. Терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Агайды жакындан билген адам катары кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

— Рахман агайды мен отуз жыл сахнада жүрсөм, ошол күндөн бери билем. «Аралаш» тамаша театры түзүлгөндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин күлкү жаратмандарынын сап башында туруп келди. Бүгүн маданияттын орду толгус, кайталангыс адамынан ажырап калдык. Кайталангыс дегенимдин себеби: ар бир талант өзүнүн башкага окшобогон өнөрү менен өзгөчө болот экен. Рахман агайдын өзгөчөлүгү: кең пейилдиги, сабырдуулугу, көптөгөн улан-кыздардын сахнага чыгышына себепчи болгондугу. Баарына бирдей карады. Эч кимден эч нерсе аябай, ар кимдин кулк-мүнөзүнө ылайыктап, тамаша жазып берди. Бул кишиде ичи тардык деген жашаган жок. Ар дайым тамашалап, каткырып жашап өттү. Тамсилдери, чыгарган китептери, жазган сатиралары калды. Мен ойлойм, Рахман агай Мидин Алыбаевдей азыркы замандын таланты катары эсте калат. Себеби Мидин Алыбаевге тирүү кезинде эч ким көңүл  бурган эмес экен. Кийин убакыттын өтүшү менен чыгармалары эл оозунан түшпөй калбадыбы. Анын сыңарындай, бир мезгил келет: «Рахман айткандай» деп агайдын ысымы, чыгармалары айтылып калат.

— Куудулдук өнөргө кандай салым кошту? 

— Элибиз агайыбыздын жазгандарына, айткандарына эми көңүл бурушат. Анткени адамдын көзү өткөндө гана кылган иштери көрүнө түшөт экен. Өзү деле тамашалап айтып калчу: «Өзүңдүн кадырыңды билдирүү үчүн кыргызда өлүш керек», — деп. Бирок агайдын артында балдары бар, тарбиялаган шакирттери бар. Канчалаган балдардын жылдызын жандырды. Устаттыктын өтөсүнө чыга алды десем жаңылышпайм. Агай «Аралаш» тамаша театрын негиздеди. Аксакалдар Жамбыл, Манас, Абдылда, Дөөлөт сындуу улуулар менен бирге чыкты. Кийин да канчалаган топторду түздү. Китептери, тамсилдери, жазган ырлары кандай эле?! Бул киши ар тараптуу адам болду. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер эле. Эмгек сиңирген макамды эл эбак эле берип койгон. Кыскасы, өзүнүн калыстыгы, тайманбастыгы, чындыкты айтканы менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнө алды десем болот. Айта берсек бул киши тууралуу көп сөз бар.

— Акыркы мезгилде эмне менен алектенип жүрдү эле?

— Акыркы учурда «Досумду эскерүү» деген аталышта Манас Бердибеков тууралуу китеп жазып жаткан. Ар кимибизге: «Манас жөнүндө оюңарды жазып жөнөткүлө, басмага берем», — дегенинен эскерүү жазып жөнөткөнбүз. Ошондо да тамашалап: «Агай, сиз жүзгө чыкканда сизди да эскерип китеп жазам», — десем күлүп калды эле. Андан кийин мындан туура он күн мурда телефон чалсам, ооруп жаткан экен. «Ооруканадамын» деп жакшы сүйлөй албай койду. Көрсө, ошол акыркы сүйлөшүүбүз тура! Үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бизге өмүр аманат экен. Убакыт-сааты келсе кетет экенбиз. Ырыскыбыз түгөнгөн күнү алат экен. Артынан куран окугандан башка аргабыз жок.

Рахман Разыковдун сахналаш кесиптеши Гүлжайна Атакановага байланышканыбызда көзүнө жаш алып, агайы тууралуу буларга токтолду:

— Рахман агайдын өтүшү чоң жоготуу болду. Агайдын шакирти эмес кызы болуп калгам. Агай айкөл киши болчу. Адамдын мансабына же бийлигине карап мамиле кылган жок. Текеберликти жактырчу эмес. «Жакшы адамдын өмүрү кыска» деген чын окшойт. Уккан кулагыма ишенбей, көзүмдөн аккан жаштан күчүмдү чыгарып отурам. Мындай инсан дагы жаралабы, жаралбайбы, билбейм!

— Агайдын баркына жете алдыкпы?

— Биз адамды көзү өткөндөн кийин мактайбыз. Жакшы киши эле дейбиз. Эл тараза. Кыргыз барда агай ар дайым жүрөгүбүздө жашайт. Агай өзүнүн эмгеги менен атын тарых барактарына жазды. Агайдын арты менен мен Гүлжайна атымды алгам. Элдик адам болушума агайдын салым нар көтөргүс. Менин чыгармачылыгыма жүз пайыз агайдын таасири бар. Жакындарына, балдарына көнүл айтам. Жараткан өз мээримине алсын!

Даярдаган: Улукман Атабеков

Copyright © 2017 Maral FM