Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Орхан Инандыны издөө иштерине миңден ашык милиция кызматкери тартылган

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 446 | 0

Орхан Инандыны табууга миңден ашык милиция кызматкери тартылып, издөө иштери Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, издөө иштери тоо этек райондорунда, суу жана каналдардын бойлорунда, дыйканчылык талааларында жүргүзүлүүдө. Андан тышкары унаа токтотуучу жай, эски имараттар, ишкана жана фабрикалардын аймагы, курулуш жүрүп жаткан жерлер  текшерилүүдө.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында керектүү тергөө иштери жүргүзүлүп, күбөлөр суракка алынууда.

Министрлик Орхан Инандыны издөө иштери министр Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилейт.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

ЖК комитети күч түзүмдөрүнүн Инандыны издөө аракетин жетишсиз деп тапты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM