Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу маалымат угат

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 744 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 7-июндагы жыйынында Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маселени талкуулайт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Комитет жыйынында Кыргызстандын жараны, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы тууралуу күч түзүмдөрүнүн маалыматы угулат.

«Сапаттын» негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкекте Инандыны табууну талап кылган митинг төрт күндөн бери өтүүдө.

Милиция: Инандынын жоголушунун бардык версиясы каралып жатат

Copyright © 2017 Maral FM