Биз менен байланышыңыз

Милиция: Инандынын жоголушунун бардык версиясы каралып жатат

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 504 | 0

Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын жоголушунун бардык версиялары иштелип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө иштери, тинтүү жана ыкчам издөө жүргүзүлүүдө.

«Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Охран Инандын болушу мүмкүн болгон жерлердин баарын текшерүүдө. Өткөн суткада мейманканалар, курулуп жаткан имараттардын бардык аймактары, анын ичинде гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор менен фабрикалардын аймактары, токой тилкелери жана парк зоналары текшерилди. Тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда, айдоо жерлеринде,  таштанды төгүлүүчү жайларда издөө жүргүзүп жатат. Андан сырткары кинологдор жана кызматтык иттер издөө иштерине тартылды. Адам өтүүгө кыйын жерлерде дрондор колдонулду. Борбор калаага кирүү жана чыгуу стационардык посттор тарабынан көзөмөлдө турат», — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргыз жараны Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM