Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Алты киши каза болду, 358 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 369 | 0

Кыргызстанда 2-июнга карата 358 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:

Бишкекте – 163;

Ошто – 64;

Чүй облусу – 64;

Ош облусу – 19;

Талас облусу – 2;

Нарын облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 20;

Жалал-Абад облусу – 18;

Баткен облусу – 5 учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны жалпы саны 105 469га жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен алты киши каза болду, анын төртөө Бишкекте, калганы Талас жана Ысык-Көл облусунда катталды.

2-июнга карата ооруканаларда 1660 бейтап, үй шартында 1782 адам дарыланып жатат. Анын 94ү өтө оор абалда.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 302 адам. Оорудан айыккандардын жалпы саны 99 миң 175ке жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM