Кыргызстанда 2-июнга карата 358 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:
Бишкекте – 163;
Ошто – 64;
Чүй облусу – 64;
Ош облусу – 19;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облусу – 18;
Баткен облусу – 5 учур катталды.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны жалпы саны 105 469га жетти.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинен алты киши каза болду, анын төртөө Бишкекте, калганы Талас жана Ысык-Көл облусунда катталды.
2-июнга карата ооруканаларда 1660 бейтап, үй шартында 1782 адам дарыланып жатат. Анын 94ү өтө оор абалда.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 302 адам. Оорудан айыккандардын жалпы саны 99 миң 175ке жетти.