Биз менен байланышыңыз

Коомдук ишмерлер, саясатчылар, маданият өкүлдөрүнүн Инанды тууралуу пикирлери

Коом , Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 2617 | 0

Бүгүн, 1-июнда дайынсыз жоголгону айтылган «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды тууралуу коомдук ишмерлер, саясатчылар, маданият өкүлдөрү социалдык тармактарда пикирлерин билдирүүдө.

Коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев кыргыз жараны болгон мугалим Орхан Инандынын уурдалышы өлкөнүн беделине доо кетирет деген пикирин айтат.

Ал эми саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Абдырахман Орхан Инандынын Кыргызстандагы билим берүү тармагына кошкон салымын чоң деп эсептейт. «Бул кишинин жетекчилиги астында Кыргызстанда лицей жана университеттер ачылган. Менин кичүү уулум Токмоктогу лицейде билим алган. Кийин Бостон университетин аяктады. Неберемди да аталган лицейде окуттук. Ал азыр Нью-Йорктогу Колумбия университетин аяктап жатат. «Сапат» лицейлеринин көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү учурда ийгиликтүү жана эл аралык компанияларда эмгектенишет. 

Орхан Инанды Кыргызстанга сапаттуу билим берүүнү алып келди. Ал Кыргызстанды жакшы көрөт, ошондуктан кыргыз жарандыгын алды. Бул окуяны биз терең кайгыруу менен кабыл алдык. Анын сак-саламат табылышына үмүт кылам жана ал балдарга билим берүүсүн улантат деп ишенем».

Дагы бир саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков да Орхан Инанды кыргыз жараны экендигин айтып, бийлик аны коргоо жана издөө үчүн бардык аракетин көрүшү керек деп эсептейт.

КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр дагы Кыргызстандын миңдеген жаштарына билим берген Орхан Инандыны издөө үчүн президентке социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылды.

Ошондой эле, КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев да мугалимдин уурдалышы тууралуу өзүнүн баракчасынан өлкө башчыларына кайрылуу жасады.

1-июнда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан «Lexus 470» үлгүсүндөгү унаа ачык абалда табылганы тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Октябрь РИИБдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөнүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM