Биз менен байланышыңыз

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 12226 | 0

Кечээ, 31-майда дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды тууралуу «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси расмий билдирүү таратты.

Анда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды кечээ (2021-жылдын 31-майында) кечки саат 21:00дөн бери дайынсыз болууда», — деп айтылат. Ошондой эле «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси бул окуяга байланыштуу жарандардан кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, ички иштер органдарына (102) же «Сапаттын» кеңсесине (0550049050) чалууну өтүнгөн.

Мындан сырткары Орхан Инандынын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу маалыматты да кошумчалаган.

Ал 1968-жылы Түркияда Кахраман Мараш шаарынын Андырын районунда туулган.

Билими — тарых мугалими, Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алган.

Кыргызстанга келгенге чейин Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп директору болуп иштеген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Орхан Инандыга туңгуч президент Аскар Акаев «Даңк» медалын ыйгаруу учуру (2003-жыл)

Илим жаатында да алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келген. Педагогика илимдеринин кандидаты.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда 53 жашта.

Президент Орхан Инандыны издөө боюнча УКМКга тапшырма берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM