Биз менен байланышыңыз

Президент Орхан Инандыны издөө боюнча УКМКга тапшырма берди

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 4220 | 2

Президент Садыр Жапаров дайынсыз жоголгон кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, өлкө башчы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан «Lexus 470» үлгүсүндөгү унаа ачык абалда табылганы тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Октябрь РИИБдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөнүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.


Президент Орхан Инандыны издөө боюнча УКМКга тапшырма берди


Кечээ, 31-майда дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды тууралуу «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси да расмий билдирүү таратты.

Анда Орхан Инанды кечээ (2021-жылдын 31-майында) кечки саат 21:00дөн бери “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз болууда, — деп айтылат. Ошондой эле “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси бул окуяга байланыштуу жарандардан кандайдыр бир маалыматка ээ болсо ички иштер органдарына (102) же “Сапаттын” кеңсесине (0550049050) чалууну өтүнгөн.

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

2 пикир

2 пикир

  1. Азамат

    01.06.2021 13:08

    Садыр ава Азаматсың

  2. almaz28@gmail.com

    01.06.2021 13:21

    Биздин олкобуздо бийликтен кабарсыз мындай ыплас иштерди кылгандар жазага тартылышы керек. Бул бийликти, мамлекетти тоготпогондук жана элди сыйлабагандык. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана “Даңк” медалы менен сыйланган кишини мынтип уурдатып жоготуу биз учун да уят.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM