Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан чек арасын жапканы Тажикстанда авиабилеттер кымбаттап кетти

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 1388 | 0

Чек аралардын убактылуу жабылганына байланыштуу 25-майда Тажикстандын Душанбе шаарынан «Манас» аэропортуна келген чартердик каттам артка кайтарылды. Учактагы 186 жарандын 177си тажикстандык, тогузу башка өлкөдөн болгон. Тажикстандыктар келген жагына кетирилип, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Бишкекте калган. Учак түнкү саат 03:17де Душанбеге кайра учкан.

24-майда кыргыз-тажик чек араcына убактылуу чектөө киргизилген. Ага ылайык, Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана транзиттик өлкө катары пайдалануусуна бөгөт коюлду. Ошондой эле «Кулунду-Автодорожный», «Кайрагач-Автодорожный», «Кызыл-Бел-Автодорожный», «Бордо-Автодорожный» жана «Карамык-Автодорожный» пункттарынан Тажикстанга товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүгө убактылуу тыюу салынды.

Тажикстандын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, мындай абал аба каттамдарына терс таасирин тийгизген. Анткени Тажикстандын жарандары транзиттик жол менен Кыргызстан аркылуу учуп келишкен.

«Kaktus.media» редакциясы Бишкек жана Душанбе шаарларынан белгилүү шаарларга авиабилеттердин бааларын салыштырды.

Эң арзан билеттер: (ушул жылдын 3-июнуна карата бир тарапка билеттердин баасы. Учуу шаарлары: Бишкек жана Душанбе).

  • Бишкек — Стамбул- 19 200 рубль;
  • Душанбе — Стамбул — 70 100 рубль;
  • Бишкек — Дубай — 15 700 рубль;
  • Душанбе — Дубай — 56 500 рубль.

Эң тез учуу: (ушул жылдын 3-июнуна карата бир тарапка билеттердин баасы. Учуу шаарлары: Бишкек жана Душанбе).

  • Бишкек — Стамбул -20 200 рубль;
  • Душанбе — Стамбул — 75 700 рубль;
  • Бишкек- Дубай — 42 800 рубль;
  • Душанбе — Дубай — 56 500 рубль.

Copyright © 2017 Maral FM